18:29 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
515444

Мындан он үч жыл мурда Боспиекте болгон Аксы трагедиясы Кыргызстандын кийинки саясий турмушунун активдешүүсүнө, коомдук ойгонуусуна жем таштаган окуялардан болуп калган. Ал кийин өлкөдөгү бир нече олуттуу саясий өзгөрүүлөрдүн жаралышына өбөлгө түздү.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тарыхында Аксы окуясы деген ат менен белгилүү болгон саясий нааразычылыкка чыккан элге ок атылган кандуу окуяга 2015-жылы 17-мартта 13 жыл болду. Окуяга кыргыз коомчулугу бир нече жылдан бери ар өңүттөн карап келет.

Бир катарлары Кыргызстандын тарыхындагы элдин саясий кадамындагы чечүүчү этап болгондугун айтса, дагы бир тарап окуянын иши толук кандуу изилденип, сот процесстери аягына чыкпай калгандыгына нааразы. 

Аксы трагедиясы — 2002-жылы Кыргызстандын тарыхында саясий нааразычылык менен массалык түрдө бийликтин иш-аракетине каршы болгон эл өз талаптарын коюп чыккандардын мүчөлөрүнүн өлүмү менен аяктаган. Анын натыйжасы кандуу болгону менен, элдин аң-сезиминде өзгөрүү жаратып, кийинки олуттуу окуяларга өбөлгө болду. 

Аксы окуясы – Кыргызстандагы кийинки ыңкылаптардын желаргысы болду

Аксы трагедиясы кыргыз элинин аң-сезиминде өзгөрүү алып келген чечүүчү учур болгондугун эксперт Кубан Абдымен төмөнкүчө негиздеп берди. 

"2002-жылдагы окуя бекеринен келип чыккан жок. Аксы окуялары — элдин аң-сезиминин бийик деңгээлге өткөнүн көрсөттү. Элдин акыйкаттык жоктугун билип, нааразычылыкка чыгуу менен чындыкка жете ала тургандыгына ишенип, көзү жеткендиги — Кыргызстандын коомчулугунун өзгөрүшүнө чоң бир себеп болду. Алты кишинин өлүмү мамлекеттик бир топ адамдардын кызматтан кетирди. Буга кошумча коомдун биргелешип жасаган иши бийликтин ишмердүүлүгүн элге жага тургандай жакка бурду. Ошонун илеби катары, бийлик парламенттик шайлоодо эл мурдагыдай болбой калгандыгын түшүндү. Анткен менен өзүм билемдикке салып, өзүнүн талапкерлерин өткөргөнгө чоң аракет кылды. Бирок, шайлоодо утпай калгандардын көпчүлүгүнүн нааразычылыгы күчөгөндүктөн, чоң жүрүштөр жасалып, март окуясы болуп кетти. Ал да жөндөн-жөн чыккан жок. Бийликке каршы болгондор биригип, чоң жүрүштөрдү жасаганга көзү жетип калды. Ошондуктан, Аксы окуялары коомдун бийлик менен тең ата болууга шансы бардыгын, бийликке каршы биргелешип чыкса, анын айласын кетирип, керек болсо, төңкөрүш кылганга мүмкүнчүлүк болорун элге көрсөтүп берди деп эсептейм", — деди эксперт Кубан Абдымен.

Бул учурда мамлекет башында тургандар – ошол кездеги президент Аскар Акаев жана премьер-министр Курманбек Бакиев азыр Кыргызстандын аймагында жок. 13 жыл мурдагы окуя боюнча 2002-жылы Мамлекеттик катчы болуп турган Осмонакун Ибраимовго кайрылып, пикирин эшиттик.

"Биринчиден, Аксы окуялары албетте, Акаев президент болуп турган кездеги бийликтин чоң жаңылыштыгы, муну моюнга алыш керек. Негизги каталык — жаңжал башталган кезде ошол жогорку эшалондогу, же болбосо эң үстүңкү жетекчи кызматта иштегендер эртерээк барып, эл менен сүйлөшүп, кабар алыш керек болучу. Тилекке каршы, ошол иш жасалган жок. Муну элдин баары эле билген, ал анын ичинде мен деле моюнга алган маселе. 

Экинчиден, бул жерде жалаң эле бийликти күнөөлөгөн өтө туура эмес. Кээде ошол окуядагы Аксынын элин бир чети аяп да кетем. Азимбек Бекназаров үчүн элдин баары түп көтөрүлүп, коргойбуз деп чыкты, бирок, орусча айтканда "он этого категорически не стоил". Азыркыга чейин ойлойм, көрсө, бийлик эле эмес, эл дагы катуу жаңылышат экен. Андан бери 13 жыл өттү. Андан кийин андан дагы тарыхта эч качан өчпөй турган чоң кан төгүлүүлөр болуп кетти… Убагында сүйлөшүп, элдин айтканын угуп, койгон талаптарынын көбүн болбосо да бир тобун аткарып койсо, эл тынчып эле калмак, ошол жасалган жок. Эми айтып отурсак, ал көп сөз. Андыктан, бул маселенин чоо-жайы ушундай", — деди Ибраимов.

Аксы трагедиясы боюнча жүзгө жакын процесстер болгон

Буга башка өңүттөн, жабырлангандардын тагдырынан туруп караган тарап, элге ок аткан жак толугу менен жазасын албай жаткандыгын, эл арасында Аксы окуясы мамлекетте адилеттик, чындык жок деген маанайды жараткандыгын айтат. Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун айтымында, козголгон кылмыш иши боюнча жүзгө чукул сот процесстери болгон.

"Негизи документтер, медициналык бүтүмдөр боюнча өлгөндөр, жаракат алгандар бардыгы болуп 79 киши жабыркаган. Андан кийин соттук териштирүүгө 32 адам катышкан. Аксы окуясында 17-март боюнча өзүнчө, 18-март боюнча өзүнчө, эки бөлөк иш козголгон. Журналисттер бирдей окуя катары чагылдырып жүрөт. 17-март боюнча өлгөндөргө күнөөлүү деп үч киши аныкталып, жаза — үч жыл сыноо мөөнөтү берилген, эми ал жоопко тартылуу деп эсептелбейт деле да. 18-марттагы кылмыштын башында ИИМдин ошол кездеги биринчи орун басары Садырбек Дубанаев турган. Ошол киши жетектеген, эки адам – бирөө таяктан, бирөө октон өлгөн. Андан сырткары алты кишиге ок тийип, жаракат алып, бирок, кылмыш иши козголгон эмес. Ал кишини жоопко тартымыш болушту да, анан актап коюшту. Элде чындык чыкпады деген сөз калып жатат. Ишти тергеп сотко өткөрө турган бийлик кызматкерлеринин жаап-жашырууга жасаган "чоң аракетинин" жыйынтыгы. Бардыгы бири-бири менен байланышта экендигин көп жыл өткөндөн бери ойлонуп отурабыз да. 13 жылдан бери Ак, Көк үйдө отургандар деле ошолор. Андыктан, бир тыянак болуп, жыйынтык чыгышы кыйын", — деди адвокат Сартбай Жайчыбеков. 

Президент Атамбаев Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
2002-жылы 17-мартта ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча жергиликтүү эл нааразычылык жүрүшүнө чыккан. Аларды токтотуу боюнча Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир катарлары ур-токмокко алынган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы иштелип чыгып, колдонулган. 

Окуядан 10 жыл өткөндөн кийин, 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаев 17-мартты Аксы окуяларын эскерүү күнү катары белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон.

Белгилер:
Боспиек, Алмазбек Атамбаев, Курманбек Бакиев, Осмонакун Ибраимов, Азимбек Бекназаров, Кубан Абдымен, Сартбай Жайчыбеков, Аскар Акаев, Садырбек Дубанаев, Аксы окуясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ