Парламенттин ишин эл баалайт — Никитенко

© Фото / пресс-служба ЖК КРНаталья Никитенко
Наталья Никитенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Наталья Никитенко Эл аралык аялдар күнүнүн алдында Sputnik кабарчысына берген маегинде парламенттин ийгиликтүү иштешине эмнелер жетпей жаткандыгын, ошондой эле Кыргызстанда социалдык жактан жетишүүдө ЖКнын айымдар бөлүгүнүн ийгиликтери жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 8-мар — Sputnik. 2010-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышындагы курамына 28 аял депутат кирген. 2015-жылдын 1-мартына карата алардын саны 21 адамга чейин кыскарган.

Sputnik кабарчысына берген маегинде Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко аял паламентирийи болуу кандай экендиги жана Кыргызстан үчүн ЖК эмне кылып жаткандыгы жөнүндө ой бөлүштү.

— Айым депутат катары сиз өзүңүздү кандай сезесиз?

— Бул татаал суроо. Мен биринчи жолу депутат болушум. Парламентке билим тармагында иштеп, тагыраак айтканда, Борбордук Азия боюнча жогорку окуу жайларынын иш-аракеттерин жөндөштүрүү менен байланышкан билимди башкаруу иштеринде жүрүп келдим. Бул эмоциялык жактан алганда оор тажрыйба болду.

Биринчи кезекте көп нерселер ачык-айкын эмес жаңы иш системасына туш болдум. Парламенттин, коалициянын ички саясий агымдары түшүнүш керек. Айкын көзгө көрүнгөн факттар бар, бирок дисскуссиялык компоненттер, түрдүү көз караштардын кагышуусу, партиялардын ар кыл пикирлери да бар. Муну түшүнүп, сезе билиш керек.

Беш жылдай убакыттан кийин менин көнүшүмө жарым жылча убакыт кетирдим деп айтсам болот. Көнүп, түшүнүп калгандан кийин жеңилирээк болду. Жана эң жагымдуусу, тиги же бул процесске таасир кылып же өзгөртө алганың – муну менен өзүңдү бактылуу сезесиң. 

— Баарын таштап басып кеткиңиз келген күн болдубу?

— Жок, анткен жокмун. Себеби биринчи кезекте конкреттүү бир нерсе өзгөртүүнү максат кылгам. Жана мында билим берүү тутумундагы мурдагы тажрыйбам жардам берди, аны системаны жакшыртууга пайдаланса болот. Бардык ишти аягына чыгаргың келе баштайт. 

Менин биринчи жетишкендигим билим берүү жана маданият мекемелерине салынган эч кимге керексиз 20 пайыздык салыкты алып салуу жөнүндө мыйзам долбоору болду. Бул таптакыр акылга сыйбаган, биздин жарандарды гана тоногон салык болчу. Мыйзам түзүүчү катары бир нерсени өзгөртүү колуңдан келерин көргөндө өз ишиңе канааттануу пайда болот.

— Бул иш сизге кандай таасир кылды? Мүнөзүңүздү, жашоону кабылдооңузду өзгөрттүбү?

— Албетте, кесипкөйлүк жана жеке инсандык жактан иштин таасири чоң. Биз жарандар менен өз ара иштешип, каржылык, социалдык адилетсиздикке, жашоонун акыйкатсыздыктарына бетме-бет келебиз. Бир эле адамга эмес, ага окшогон жүздөгөндөргө жардам берүү үчүн эмнени өзгөртүү керектигин түшүнүү зарыл. Мындай иш тутумдуулукка, байкоочулукка жана көзөмөлгө, өз иш-аракеттериңди катуурак пландоого үйрөтөт. Жасалчу иштер жарым жыл алдыга планданган. Аны көрүп, ырааттуу жүргүзүү керек. Өзүмдү өзүм көзөмөлдөө жөндөмүм да ушул иште такшалды.

— Сиз эркекетики деп атоого боло турган комитетти жетектейсиз. Ага чейин болсо аялдарга мүнөздүү комитетте иштеп келгенсиз. Мындай комитетте иштөө жана мамлекеттик маанидеги суроолор боюнча оппоненттердин алдында өз көз карашын коргоо аял үчүн канчалык татаал?

— Эгер комитеттик иш багытымды мурдараак, иш жолумдун башында алмаштырсам, мага кыйын болмок. Себеби билим берүү боюнча комитетте алган иш тажрыйбам анда жок эле.Тажрыйба дароо пайда болбойт. Эгер негизи бар болсо, иш чөйрөсүн алмаштыруу жеңилирээк болот. Анын үсүтүнө билим берүү тармагы өзү билимдердин кең жана ар тараптуу болушун талап кылат, көп окуп, көп талдоого мажбурлайт, мен булар менен үзбөй алектенчүмүн. Мунун баары мага жаңы иш багытына тез ыңгайлашуума жардам болду. 

Адам укуктары, конституциялык мыйзам түзүү жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет өтө маанилүү жана ага көнүүгө убакыт талап кылынды. Бирок мага комитетте башка фракциялардан келген кесиптештерим, өз ишин анык билгичтер жардам беришти. Бизде дайыма талаш-тартыш болуп турат, бирок бул жакшы көрүнүш. Мен өз көз карашымды дайыма коргойм, себеби аргументтер жана көз караштар бар болсо, маселе оңой чечилет. Бизде кызыктуу талкуу, талаш-тартыштар болот, жана биз ар бир мүчөнүн пикирин угабыз. Биздин түзүлгөн иш-аракеттер көп сандагы маселелердин чечилишине жардам берет. Мен практикалык иш алып баруучулар менен дайыма кеңешип, документтердин маанилүү өзгөчөлүктөрү боюнча алардын жергиликтүү түшүндүрмөлөрүн алып турам. Бул мага өз көз карашымды калыптандырып, ага кесиптештеримди ынандырууга жардам берет.

— Кыргыз парламентаризминде аялдардын ролу кандай?

— Парламентте аялдардын болушу — парламентаризмдин эң чоң жетишкендиги. Бул маселеде биздин мыйзам негиздерибиз оң аасир берди. Анда милдеттүү түрдөгү квота белгиленген эмеспи. Бул эмоциялык жактан да мааниге ээ. Ал тургай, дискуссиялардын да деңгээли өзгөрдү. Палатада аялдардын аркасы менен маанилүү суроолор көтөрүлөт. 

— Парламентте аялдардын пикирине эркек кесиптештер кулак салабы?

— Албетте. Бул эркек-аял экендигине эмес, өз көз карашын коргой алганга жараша болот. Мен айтылган пикирлерге көңүл бурбай койгон учурду байкаган жокмун. Ой-пикирлерине баары кулак сала турган, урмат-сыйга ээ аял депутаттар да, эркек депутаттар да бар. Бирок таза аялдарга гана тиешелүү жана эркек кесиптештердин колоосуна жетишпеген маселелер да бар. Мисалы, аялдардын квотасын көбөйтүү. Бирок ошентсе да, мен квотаны сакташ керек деп эсептейм, парламентте 30 пайыздан кем эмес аялдар болушу керек.

Биз депутаттыктан кеткен аялды ордуна аял депутаттын келишин беките турган укуктук ченемди сунуш кылалы деп жатабыз. Бирок тилекке каршы, комитетте, бул демилгени колдошкон жок. Баса, бул маселени талкуулоодо комитетте мен жалгыз аял болчумун, балким, ошон үчүн жеңилип калгандырмын. Бирок талкуулардын натыйжасында палата өз пикирин өзгөртүшү мүмкүн.

Саясий күрөш дайыма эле таза боло бербейт, жана андан биринчи кезекте аялдар жабыр тартышы ыктымал. Аларга азыраак добуш беришет. Бул алар жаман иштегенден эмес, жөн гана биздин коом ошондой. Андыктан квота керек, жана ал толук кандуу иштеши талап кылынат.

— Аялдар биринчи жолу парламентке квота боюнча келгени социалдык коргоого багытталган мыйзамдардын көбөйүшүнөн байкалган эле. Азыр ЖК аялдар канчалык активдүү? Ушул чакырыктагы аял депутаттар турмушту жакшыртып жана өлкөнүн аяларынын укуктарын сактоо үчүн конкреттүү кандай иштерди жасашты?

— Эң чоң жетишкендик мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайра кайтаруу болду. Дал ошол депутат аялдар мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги жөнүндө маселени козгоп, азыркыга чейин 74 объект кайтарылды. Эми биздин милдет — алар өз ишин баштап, зарыл карылоого жеткендей кылуу. Алган насыяларын төлөп бере албай жаткан аялдардын маселеси, балдарга карата зомбулук маселелери. Акыркысы өзгөчө көзөмөлгө алынган. Айта кетсек, бардык мыйзам демилгелеринин авторлорунун катарында аялдар бар. Мисалы, сот тутумун реформалоо боюнча. 

— Парламентти жарандык комчулук тарабынан сындоолор сиздердин чакырыкта да азайган жок. Депутаттарды популизм жана иш билбестик үчүн айыпташат. Сиз өзүңүздүн жана кесиптештериңиздин ишин кандай баалайсыз?

— Мен объективдүү болушум керек, ал эми биздин ишке эл баа берет. Эгер ал шайлоодо тиги же бул партияга өз добушун берсе, демек үмүттөр акталган болот. Бирок, ички байкоолорго таянсак, менимче, биздин ишти жакшыраак кылса болот. Ошентсе да мыйзамдар кабыл алынууда жана алар жаман эмес. Биз аларды ишке ашыруу жагынан аксап жатабыз,жана Жогорку Кеңеш өз жагынан көзөмөлдөө милдетин күчтөндүрүшү керек.

Башка жагынан алганда, жетиштүү ачык-айкындыкка карабай, ЖМКлар өзүлөрүн кызыктырганды жана биринчи кезекте "куйкумдуу факттарды" гана көрсөтөт. Ал эми жүргүзүлүп жаткан чоң иштер көзгө көрүнбөй калып жатат. Айрым учурда маалымат элге жөн гана жетпей калат. Биз элдин баары менен жолугуп, ар бирине өз көз карашыбызды жеткире албайбыз. Мында ЖМК жардам бериши керек.

— Кээде эркектер өзүнүн чындыгын далилдеп же намысын коргоо үчүн, күч колдонушат. Мындай жагдайда аялдар эмне кыла алат?

— Аялдарга карата мындай мамиле менин эсимде жок, алар башка ыкмаларды, мисалы, кер-мур айтыштарды колдонушат. Бул да өтө катуу, заардуу болушу мүмкүн. Муну ар кандай жол менен, жалпыга маалымат каражаттары аркылуу да жүргүзүшөт. Адамды жанын ачыткыдай атайын сөздөрдү да угууга болот. 

Эгер талаш-тартыш Жогорку Кеңештин ичинде жүрсө, эч нерсе эмес; анын сыртында чыгып, бири-бири менен мушташа кеткен учурлар жаман. Талаш-тартыш аркылуу чындыкка жетишүү, дискуссиялык аянтча болуу парламенттин маңызы болуп эсептелет. Биз баарыбыз бирдей ой жүгүртө албайбыз да. Бирок талаш-тартыш, талкуу маданиятын жогорулатышыбыз керек, бирок бул жагынан биз уникалдуу эмеспиз. 

Бешинчи чакырылыштагы парламент өзүнүн тарыхый милдетин аткарды. Ал азыр активдүү турмушка ашырылып жаткан реформаларды баштады. Эгер жаңы жана сапаттуу парламентти тңзө турган адилет жана ачык шайлоолорду өткөрсөк, биздин милдет аяктаган болот. 

— Парламентке кайра келүүнү пландап жатасызбы? Жана бул каалоңузду үй-бүлөңүз колдойбу?

— Ооба, кийинки чакырышыка талапкерлигимди коём деп чечтим. Бул менин партиялаштарымдын да каалоосу болчу. Бул чечимиде алар колдоп, өз ишиме жоопкерчиликтүү мамилемди жана баштаган ишимди аяыган чыгышым керкетигин алар билет.

Жаңылыктар түрмөгү
0