ЕАЭБга кошулууда баалар кескин көтөрүлбөйт деп эсептейт Оторбаев

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭт сатуучу. Архив
Эт сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесске кошулуу баалардын олуттуу көтөрүлүшүнө алып келбейт деп эсептейт.

БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев баалардын өсүшүн, анын ичинде энергия тергичтердин кымбатташын күтпөйт. Бул тууралуу ал Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

— ЕАЭБга кирүү менен баалар кескин жогорулайт, анын ичинде энергия ресурстары да кымбаттап кетет деген сөздөр канчалык туура?

— Биринчиден, биримдиктин алкагында жалпы энергетикалык рынок жок, жана аларга карата тарифтер — ар бир мамлекеттин жеке укугу. Бизде электр кубатынын өздүк наркы төмөндүгүнөн баасы да жогору эмес. Биримдикке кошулуу энергия бергичтердин баасына эч таасир кылбайт.

Мунай. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы өлкө боюнча 2 сомго арзандады
Мында дыйкан чармакерлер өз азык-түлүктөрүн башка өлкөлөргө алып чыгышынан баа көтөрүлүп кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. Бирок биз Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын балаарын салыштырып көрсөк, бири-биринен анча деле айырмаланбайт. Анын үстүнө рублдун баасы түшкөндөн бери РФте биздин республикага караганда баары арзандады. Жана экспорттоодон баалардын көтөрүлүшү күтүлбөйт. Тескерисинче, Россиянын арзан товарлары бизге келе турганы жөнүндө айтып жатабыз. Биздин баамыбызда, баалар көп эселеп көтөрүлүп кетпейт, болсо анча чоң эмес кымбаттоолор болор.

Жоомарт Оторбаевдин Кыргызстандын ЕАЭБке кирүү жөнүндөгү суроолорго берген жоопторун эксклюзивдүү маектен толук окуңуздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0