Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө Минсктин ролу өтө жогору деп эсептейт эксперт

© AFP / Kirill KudryavtsevУкраина боюнча сүйлөшүүлөр. Архив
Украина боюнча сүйлөшүүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Деги эле сүйлөшүү жүргүзө турган өлкө менен анын өкүлү болгон инсан ар түрдүү каат жагдайларды жөнгө салууда зор роль ойнойт. Чырдашып жаткан тараптар жолугуучу мамлекетте орток мамиле жана кайсы бир деңгээлдеги тынчтык сөзсүз сакталышы керек.

БИШКЕК, 13-фев — Sputnik. Сүйлөшүү жүргүзүүчү жана жеке инсандык өзгөчөлүктөр каатчылыктарды жөнгө салууда чоң мааниге ээ деп эсептейт Кыргыз-Россиялык Славян университетинин профессору Марат Сүйүнбаев.

Минскте "Нормандия төртилигинин" сүйлөшүүлөрү аяктап, убактылуу элдешүү жөнүндө документке кол коюлушу Украинадагы куралдуу чыр-чатакты чечүүдөгү эң маанилүү факт болуп эсептелет. Ок атууларды токтотуу, оор куралдарды алып кетүү, коопсуз тилкени түзүү жана келишимдин калган пункттары 16 сааттан ашык созулган жолугушуунун жүрүшүндө жетишилди. Саммиттин катышуучулары зор иш жасашты, бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө расмий Минсктин да ролун эстен чыгарбоо керек.

Украинада ок атуулар 15-февраль түнү токтотулат
Бул процесс үчүн Белорруссия аянтча болуп беришинин мааниси зор. Президент Александр Лукашенко аянтчанын ээси катары жогорку даражалуу меймандарды тосуп алып жатып, өзүнүн мамлекети украин каатчылыгын чечүүдө акыркы орунда эместигин дүйнө жүзүнө өтө сыпайы жана жакшы маанайда көрсөттү. Башкача шарттарда батыш лидерлери Беларуссия башчысы менен мынчалык жакын жана эркин диалог жүргүзө алмак эместиги анык. Албетте саммиттен кийин расмий Минсктин тышкы саясий статусу бир топ жогорулады. 

Деги эле сүйлөшүү жүргүзө турган өлкө менен аны көрсөтүүчү инсан ар түрдүү каат жагдайларды жөнгө салууда зор роль ойнойт. Чырдашып жаткан тараптар жолугуучу мамлекетте орток мамиле жана кайсы бир деңгээлдеги тынчтык сөзсүз сакталышы керек. Албетте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн каржылык жагы да чоң мааниге ээ, себеби сүйлөшүү жүргүзүүчү өлкө бир топ чыгым тартат эмеспи. 

Биздин республиканын мисалында карасак, эгер эсиңерде болсо, Кыргызстан ар түрдүү маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдө бир нече жолу өз демилгеси менен чыккан.

Кыргыз дипломатиясынын Тоолуу Карабах боюнча армяндар менен азербайжандардын чыр-чатагындагы ролун эске албай коюуга болбойт. 1994-жылы КМШнын Тоолуу Карабахта абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Парламенттер аралык тобунун жетекчиси кыргыз парламентинин спикери Медеткан Шеримкулов күчтүү жөнгө салуучунун ролун аткарган. Анын жүргүзгөн ийгиликтүү иш-аракеттери куралдуу тирешүүнүн токтотууга жана андан ары кан төгүүлөрдүн алдын алууга мүмкүндүк берген эле. 

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүПереговоры лидеров России, Германии, Франции и Украины в Минске
Переговоры лидеров России, Германии, Франции и Украины в Минске - Sputnik Кыргызстан
Переговоры лидеров России, Германии, Франции и Украины в Минске

Ошондой эле Тажикстанда болгон жарандык согушта тараптарды элдештирүү процессинде расмий Бишкектин ролун белгилөөгө болот. Эске салайын дегеним, Кыргызстандын борборунда 1997-жылы 18-майда ТРдин президенти Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициясынын жетекчиси БУУнун колдоосу астындагы узакка созулган элдешүү процессинин алкагында саясий маселелер боюнча Протоколго кол коюшкан. Ал кезде көп өлкөлөр: Россия, Иран, Пакистан, Афганистан, Казакстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан сүйлөшүү жана түрдүү документтерге кол коюу аянтчалары болушкан эле.

Албетте, бардык эле демилгелер ийгиликтүү боло койгон жок. Афганистандагы чыр-чатакта Кыргызстан сүйлөшүүлөр үчүн аянтча болуп берүүнү сунуштаганда, бардыгы ойдогудай болгон жок. Анда жолугушууларды сырткы донорлордун эсебинен жүргүзүү болжолдонгон болчу, кыязы, ушул роль ойноду көрүнөт. Сүйлөшүүлөр Бишкекте өткөн эмес.

Ошондуктан мындай жолугушуулар учурунда кандай гана натыйжага жетишпесин, сүйлөшүүлөр үчүн аянтчанын ролу да эске алынышы керек. Кээде ал унутулуп же эч бир көңүлгө алынбай калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0