Эксперт: Салянова саясый күчтөрдү бөлүү үчүн "бийликтин долбоору" болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Марс Сариев билдиргендей, Аида Салянова сыяктуу ири лидердин саясатта пайда болушу, өзү менен чогуу конструктивдик оппозициялык күчтөрдү артынан ээрчитет. Сариев ошондой эле, бул аракеттер саясый күчтөрдү бөлүү үчүн "бийликтин долбоору" болушу мүмкүндүгүн да жокко чыгарган жок.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. "Далил плюс" аналитикалык клубунун эксперти Марс Сариев Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянованын билдирүүсү боюнча өз пикирин билдирди.

Эксперттердин башкы прокурордун жөн-жай эле кетпегени боюнча божомолдору далилденип отурат. Албетте көп нерсени боолголоп айтса болот, бирок, биз Кыргызстанда жаңы саясый фигура пайда болгонун ачык айтышыбыз керек.

Аида Салянова. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Cалянова: быйылкы парламенттик шайлоого катышам
Салянованын алдыда боло турчу шайлоого катышам деген ниетин өлкөнүн саясый айдыңындагы жарылуу десек болот. Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө саясый кармаш регионалдык элиталар арасында болуп келген жана болуп жатат. Трайбалисттик көз карашы жок жаш конструктивдүү кадрлардын агымы баягы эле күн сайын көрүнгөн саясый партиялардын лидерлеринин позициясын ордунан жылдырышы мүмкүн.

Жаралган бул абалды ички жана тышкы бир нече күчтөр пайдаланышы мүмкүн.

Биринчиден, булар батышты жактаган либералдуу саясый бирикмелер. Алардын ою оппозициянын катарынан жаңы багытты алууга жумшалышы мүмкүн. Башка тараптан алганда мамлекеттин келечеги үчүн чындап күйгөн жаштардын конструктивдүү оппозиция да колдонушу мүмкүн.

Эксперт ошондой эле, бул бийликтин саясый күчтөрдү бөлүү үчүн атайын жасаган долбоору да болушу ыктымалдыгын четке каккан жок. Мамлекет жетекчилиги шайлоо алдында бир катар күчтөрдөн арылуусу кажет. Ошол эле учурда оппозициялык күчтөрдөн да арылуусу керек.

Салянованын маалымат жыйыны күчтүү оппозиционер Ахматбек Келдибековдун кайтып келген күнүнө дал келгенин да белгилөө керек. Мурдагы башкы прокурордун сенсациялуу билдирүүлөрүнүн фонунда анын кайтып келиши унутта калгандай эле болду. Дал келүүбү? Болушу мүмкүн. Мындай ыкманы бийликте иштеген профессионал пиарчылар такай колдонот.

Жаңылыктар түрмөгү
0