Эл аралык стоматологдор күнү: тиш дарыгеринин жазууларынан

© Sputnik / Ажар АлапаеваВрач стоматологической клиники "DentArex" Фархад Асадов
Врач стоматологической клиники DentArex Фархад Асадов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш дарыгер-стоматолог өзүнүн эл аралык кесиптик майрамында ишиндеги окуялар жөнүндө Sputnik кабарчысы менен бөлүштү.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. "Стоматология — абдан интимдүү кесип. Биз дарыгерге бизди угуп, кармап көрсүн деп келебиз. Бирок ар бирине эле оозубузду ачып бербейбиз да", — дейт тиш дарыгери Фархад Асадов.

Анын айтымында, Кыргызстанда кишилер тиш дарыгерине "акыр-аягына жеткенде" кайрылышат.

"Мүмкүн биздин менталитет ушундай. Адамдар тиш ооруларын алдын алууга боло тургандыгына карабай, акчасынын баарын тишти дарылоого жумшайт. Дарылоо кымбат да турат эмеспи. Көп учурда бир эле келип, баарын дарылап салса дешет. Кечээ бир кичине баланы алып келип, алты тишин бир дарылоону сурашты. Себеби дем алышта бир жакка кетип жатышыптыр. Бирок бул мүмкүн эмес. Ушул кантип болсун", — деп нааразыланат дарыгер.

Тиш дарыгери болууну Фархад бала кезинен эңсечү. Асадовдордун үй-бүлөсүндө 17 стоматолог бар, дагы педиатрлор, терапевттер жана кардиологдор бар. Ал беш жыл Кыргыз-Россиялык Славян университетинде окуп, андан соң Волгоград шаарында (Россия) бир жылдык интернатурадан өткөн.

"Стоматология — абдан интимдүү кесип. Стоматологиялык кабинетте болуп жаткандын баары түшүнүксүз. Денелик жактан эмес, моралдык жактан. Ал турсун жөн эле кеңеш алуу да дайыма жагымсыз, себеби сен отуруп оозуңду ачып беришиң керек. А дарыгер болсо өзүнүн жабдыктары менен чукулап карайт. Буга бейтапты көндүрүүгө туура келет", — дейт Фархад.

Балдарды дарылоо жөнүднө айтып жатып, стоматолог алар көп нерсени билбегендиктен тиш дарыгерине баргандан корко тургандыктарын айтты. Айрым балдар ооруну анча сезбегендиктен эч ыйлабайт, ал эми башкалары болсо стоматологилык клиникага жакындаганда эле ыйлай баштайт.

"Мен эч качан балдарга оорутпайм деп айтпайм. Эркелетип, аларды аямыш болбойм. Дайыма баарын түшүндүрөм, керек болсо жабдууну кармап көөр деп да берем. Баарын ачык көрсөтөм, эч качан ийнени балдардан каткан эмесмин. Мен эмне үчүн жана кантип дарылай турганымды түшүндүргөнгө аракет кылам. Балдар эмне үчүн коркот? Себеби алар эмне болорун билишпейт, же, мүмүкн, мурда тишин оорутуп дарылашкан. Ал эми чоңдордун коркуулары калыптанып, көнүмүш болуп калган. Алардын аң-сезиминде бул оорутат деген ишеним сиңип калган. Мындайлар аз болсо да, бар", — деп күлө айтты адис.

Доктор Асадов профилактикалык кароого жарым жылда бир, болбосо, андан да тез-тез келип турууну кеңеш кылды. Стоматологго келип, тиш түбүндөгү таштарды эле эмес, деги эле профессионалдуу тазалатып алса болот. Бирок ал тишти агартууга каршы экендигин айтты.

"Мен муну акылга сыйбаган процедура деп эсептейм. Тиш өз өңүндө болгону жакшы. Саргыч тартса да өз тиши болгон артык. Эң башкысы ушул", — деп баса айтты дарыгер.

Маектин акырында стоматолог тишти дарылап отургандан көрө, оорунун алдын алган арзаныраак жана жеңилирээк болот деди. 

Эскерте кетсек, 9 февралда Эл аралык стамотолог күнү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0