Жолдубаевага артылган үмүттөр арбын, күмөнсүүлөр да көп

© Фото / пресс-служба ЖК КР / Ашыркул ОморовИндира Джолдубаева
Индира Джолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР Башкы прокурорлугуна көрсөтүлүп жаткан Индира Жолдубаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралып жатат.

БИШКЕК, 27-янв — Sputnik. ЖКда бүгүн да Индира Жолдубаеванын Башкы прокурорлукка талапкерлигин фракция жана комитеттер карап жатат. Парламенттеги Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети аны Башкы прокурорлук кызматка дайындоого макулдугун берди. 

Заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаева Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш Баш прокурор болушу мүмкүн
Президент Жолдубаеваны бул кызматка сунуштагандан тарта коомчулукта анын кесипкөйлүгү, жашы, туугандык байланыштары туурасында ар кыл пикирлер айтылууда. 

Юридикалык тармакта 13 жылдан бери иштеп келсе, мамлекеттик кызматка келгенине 7 жыл болуптур. Мамлекеттик кызматтын астанасын 2008-жылы КР президентинин администрациясынын укук бөлүмүнүн сот органдар тармагынын эксперти болуп аттаган. Президенттик шайлоо учурунда азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабында юрист болуп иштеген.

ЖКдагы оппозициялык маанайдагы "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов мамлекеттик жогорку көзөмөл органы болгон кызматтарга ал жаатта тажрыйбалуу адистердин даярдалып келгендигин айтты.

"Баш прокурорлук кызматка сунушталып жаткан Жолдубаеваны сыртынан угуп жүрчүмүн, басып өткөн өмүр жолун, иш тажрыйбасын билбейт экенмин. Илгертен бери мындай маанилүү, чоң кызматтарга тажрыйбасы бар, ошол тармакта эмгек стажы көп адамды койчу. Мүмкүн, анын өзгөчө бир жөндөмү, таланты бардыр, балким, ишти тартып кетээр. Күн мурунтан айтыш кыйын. Ар ким ар кандай баа бере берет, иш жүзүндө кандай болот, аны көрөбүз. Саясатчылар кээде салыштырып жиберет. Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановдор жыйырма жашында эле саясатка кирип, анан жетекчи болуп калган деп жатышпайбы, бирок, анда заман башка болучу, азыр башка", — деди Курманбек Осмонов. 

Ал эми "Ата-Журт" фракциясы аларды кызыктырган суроолорун бүгүн Индира Жолдубаевага анын Башкы прокурорлукка талапкерлигин караган учурда беришээрин айтты. 

"Фракцияда жанагы жагдайларды тактап туруп андан кийин добуш берер-бербешибизди, колдоор-колдобошубузду позициябызды тактайбыз", — деди Осмонов.

Ал эми бир катар министрлер башкы прокурорлукка талапкер Жолдубаеванын ишти мындан ары камчы салдырбай алып кетерине толук ишенерин айтышты.

"Индира Ырысбаевна менен сот реформасынын алкагында көп иштешип калдым. Биринчи кезекте татыктуу талапкер деп эсептейм. Анда жакшы Баш прокурор болууга бардык сапаттары бар. Адамдык сапаты, кесипкөйлүгү, жетекчилик сапаты, тазалыгы ага жетишет. Ал сот тармагы боюнча бөлүмдүн жетекчиси, мен Адилет министри катары кызматтык жагдайларды иштешип калган учурларда кесиптик сапаттарын көрүп калдым. Силер сураган коррупциялык, чуулгандуу иштерди аягына чыгара алат деп ишенем. Ал эми жаштыгы буга тоскоол деле болбойт", — деди Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов. 

Бүгүн ЖКнын дагы бир профилдик комитети жана "Ата-Журт" фракциясы Жолдубаеванын Баш прокурорлукка талапкерлигин карайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0