Аскер серепчилери Россия илими менен кызматташуу пайдалуу деп эсептейт

© AFP / Вячеслав ОселедкоАрхив: чек ара
Архив: чек ара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Томск университети өзүнүн жаңы ачылыштарын КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына тааныштырды. Аскер кызматчылары маалыматтарды аралыктан документтештирүү, кабарлоо жана байланыш тармагындагы уникалдуу технологиялар менен таанышып чыгышты.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Аскер серепчилери жаңы технологиялар жаатында Россиянын илимий институттары менен кызматташуу Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деп эсептейт. Күч кызматынын ардагерлери КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында өткөн бетачар жөнүндө Sputnik сайтынын кабарчысы менен пикир бөлүштү.

Запастагы полковник, чек ара кызматынын ардагери Дамир Кожебергенов жаңы ачылыштар аскер кызматчыларына эле эмес, жарандык коом үчүн да пайдалуу болот деп белгиледи. 

"Бизге көрсөтүлгөн технологиялар чек арада көзөмөлдү жакшыртуу максатында аскерлердин колдонуусу үчүн кызыктуу. Ошондой эле, менимче, аларды жарандык коомдун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрү да пайдаланса жакшы болчудай", — деди серепчи.

Аскер серепчиси, күч кызматынын ардагери Токтогул Какчекеев жаңы технологиялар тармагында россиялык илимий институттар менен мындай кызматташтык пайдалуу болот деп эсептейт. 

"Россия менен өз ара аракеттешүү кеңейип жатканын эске алганда, Томсктун окумуштуулары биз менен бөлүшүп жаткан уникалдуу ачылыштар биздин аскердик жана жарандык объекттери үчүн өтө керектүү. Аскерлер курал-жарак тармагында эле эмес, инженердик-техникалык жактан да кайра жабдылышы керек. Мындай диалогдор Кыргызстанга пайдалуу болору шексиз", — деп баса белгиледи Какчекеев.

КР авиация, аскердик техникаларды, абадан кол салуудан коргонуу жабдыктарын алат
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына шейшемби күнү, 20-январда Томск политехникалык университети менен чогуу “Биримдик” КФ тарабынан уюшулган мамлекеттин коргонуу жөндөмүн камсыз кылуу үчүн инновациялык технологиялардын бет ачары болуп өттү.

Аскер кызматчылары маалыматтарды аралыктан документтештирүү, кабарлоо жана байланыш тармагындагы уникалдуу технологиялар менен таанышып чыгышты. Аталган жабдуулар унаалардын кыймылын жана пайдалануу мүнөздөмөлөрүн көзөмөлдөөгө, ал эми зарыл болгон учурда, кыймылдаткычын өчүрүп коюуга мүмкүндүк берет. Ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматы жана бажы түзүмдөрү үчүн иштелип чыккан жаңы муундагы Инспекциялык-кароодон өткөрүү комплекси да таанышууга сунушталды. 

Аскер шаарчаларын жана социалдык объекттерди куруу үчүн электр кубатын үнөмдөй турган технологиялар көрсөтүлдү. Инновациялар салтка айланган жылытуу системаларын колдонбогонго мүмкүндүк берет. Алыскы шарттарда бул зарыл нерсе, алар отун-көмүрлөрдү ташуудан деги эле арылтып, катаал шарттарда пайдаланууну камсыз кылат.

Томск политехникалык университети Россия Федерациясынын коргонуу-өнөр жай комплекси үчүн инновациялык технологиялар менен системаларды иштеп чыгарат. ТПУ иштеп чыккан системалардын айрым бөлүктөрү Кыргызстанда колдонула баштады. Алардын биринчи тобу КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында ишке ашырып жаткан долбоордун алкагында 2015-жылы өлкөнүн жетекчилигине тааныштырылган соң, республикага тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0