Министр: КРде дарыгерлердин катасынан бир да бейтап корголгон эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Sputnik менен болгон маегинде медицина тармагындагы учурда иштеп жаткан мыйзамдардын мүчүлүштүктөрү, ошондой республиканын аймактарында кадрлар маселеси боюнча сунушталып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

— Медицина тармагындагы учурда иштеп жаткан мыйзамдардын кемчиликтери канчалык көп? Кыргызстанда адам өз ден соолугун медицинага ишенип тапшырышы үчүн кайсы мыйзамдарды биринчи кезекте алдыга жылдыруу керек?

— Мыйзам негизинин мыктылыгы тууралуу кеп кылыш үчүн, алгач ким менен, башкача айтканда, кайсы алдыңкы же артта калган өлкө менен салыштырууну тактап алуу зарыл. Кандай гана мамлекет болбосун, медицина жөнүндө мыйзамдар сапаттуу медициналык кызматтарды камсыз кылууга багытталышы керек.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 43 миңден ашык киши кант диабети менен ооруйт
Биринчиден, Кыргызстандын учурда күчкө ээ стандарттары менен мыйзам акттарын кайра карап чыгып, аларды зарылчылыгына жараша алмаштыруу зарыл. Албетте, баарын эмес, айрымдарын гана. Мисалы, жакында мага Стоматологдор коомунун өкүлдөрү кайрылышты. Алардын колунда өзүлөрүнүн санитардык жана эпидемиологиялык ченемдери бар экен. Тиш дарыгерлеринин айтымында, алар жаңы стоматологиялык бейтапканаларды ачалы дешсе, эски ченемдер боюнча документтерди талап кылышкан. Натыйжада колдорунда заманбап жабдуулары жана ченемдери бар дарыгерлер республикада лицензия ала алышкан эмес. 

Экинчиден, биздин өлкөдө медицина кызматкерлери менен бейтаптарды дарыгердин катасына байланыштуу милдеттүү түрдө камсыздандыруу эмдигиче жок. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, баары бир аз пайызда болсо да, дарыгерлер тараптан катачылык болот. Андан эч ким кепилдик бербейт. Ал эми дарыгер техникалык мүмкүнчүлүктүн жоктугунан ката кетирген учурда да, баары бир жооптуу болот. Башкача айтканда, операция учурунда кайсы бир жабдуу иштебей калса же электр жарыгы өчүп кала турган болсо, кайра эле дарыгер жооп берет. Аны ким коргойт? Мындай шартта жабыр тарткан бейтаптын укугун ким коргойт? Эмнеси болсо да, коомдо медициналык кызматтар эки тарапка тең багытталышы керек.

— Кыргызстандын медициналык тармагында мамлекеттик-жеке менчик шериктештиктин өнүгүшүнө баа берсеңиз. Бул багытта иш-аракетти улантуу керекпи? 

— Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк (МЖӨ) жөнүндө мыйзам 2012-жылы зарылчылыкка жараша чыккан, себеби өлкөнүн экономикасы өспөй турган, ички дүң өндүрүм азыр жай көтөрүлүүдө. Абалдан алып чыгара тургандар болуп жалгыз ички жана тышкы инвесторлор эсептелет. Тышкы инвесторлорду 20 жылдан бери өз туруксуздугубуз менен коркутуп бүттүк. Жергиликтүү инвесторлор бар, бирок… Үйлөнүү тойлоруна бизде 15 миң доллардан кем эмес акча коротушат, мигранттар өз ата мекенинде эч киреше бербей, “өлүк инвестицияга” айланган үйлөрдү курушат. Бирок эч ким социалдык секторго акча короткусу жок, себеби ал дароо киреше бербейт. 

Кыргызстанда антибиотиктердин эркин сатылуусуна тыюу салуу маселеси каралууда
Медициналык тармакка МЖӨ киргизүүнү баштоо үчүн ооруканалардын ичиндеги ижарага берилген жайларды бошотуу зарыл. Аларды, мисалы, дарыканалар, УДИ менчик кабинеттер же медицинага эч тиешеси жок уюмдар ээлеп турат. МЖӨ киргизүүдө инвесторлор үчүн жаралуучу экинчи кыйынчылык тендерге катышуу болот, себеби бул жерде тобокелчилик чоң. Инвестор техникалык-экономикалык негизин жазып, анан тендерге катышат, бирок жеңер-жеңбесин ал билбейт.

Инвесторлор тобокелдикке баруудан коркушат. Эгер медицинанын кайсы бир тармагы өспөй жатса, эмне үчүн аны инвесторго жөн гана келишимдик негизде берип койсо болбойт? Бул жагынан мамлекет эки тарапка тең пайдалуу болгудай эпке келүүсү керек.

Белгилей турган нерсе, атаандаштыктын жогунан МЖӨ негизинде иштөөчү ооруканалардын кызматтары бир аз кымбатыраак болот. Башкача айтканда, мекемелер дароо эле өз ара атаандаша албайт. Ооруканалардын санынын өсүшүнө жараша алардын ортосундагы атаандаштык артып, баалар төмөндөйт жана сапаты жакшырат.

— Борбордун медициналык окуу жайын бүтүрүүчүлөр аймактарга барып иштөөнү каалабайт. Кадрлар маселеси медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысына түз байланышкан. Бул абалдан чыгуунун кандай жолу бар дейсиз?

— Азыр дарыгердин негизги айлык акысы 4 миң 700 сом. Жергиликтүү бийлик кадрлар менен камсыз кылуудан толук баш тартты. Совет убагында жаш адистерге турак-жай, көмүр, жер бөлүнүп берчү, эми бул жок. Экинчи жагы — бул аймактардагы бейтапканалардын материалдык-техникалык негиздери. Дартты аныктоо мүмкүнчүлүктөрү өтө төмөн. Жаш адис аймактарда иштөө – убакытты курулай кетиргендик деп эсептейт. 

Бул жагдайдан чыгуунун жолу адистерди максаттуу даярдоо болуп эсептелет. Аймактардагы мектеп билиминин деңгээлин эске алып, ар бир аймактан бюджеттик бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алууга карата упайларды төмөндөтүү керек. Себеби Бишкектин мектеп бүтүрүүчүсү албетте ЖРТдан айылдан келгендерге караганда көп упай алат. Окуу жайын бүтүргөндөн кийин болсо, абитуриент менен үч тараптуу келишим түзүп, өз аймагына иштөөгө жибериш керек. Жеринде ал дарыгер болуп иштеп, өз үй-бүлөсү менен бейкут жашайт. 

Ошондой эле медицина кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселеси быйыл өкмөт алдына коюла тургандыгын белгилегим келет.

— Түркияда топтогон иш тажрыйбаңызга таянып, Кыргызстанда медицинаны жакшыртуу үчүн кандай аракеттерди көрүүнү карап жатасыз?

Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер: саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөй – кадрлардын жетишсиздиги
— Мамлекеттик-жеке менчик иштердик калктын кенен катмарлары үчүн мүмкүн болушунча сапаттуу медициналык кызматты камсыз кылышы керек. Бейтапканалардын негиздерине карата мамилени кайра карап чыгуу зарыл. Башкача айтканда, Жалал-Абад шаары менен Бишкекте медициналык факультеттерде даярдалып жаткан адистерди бардык көрсөткүчтөр боюнча бирдей баалоого болбойт. Ошондуктан аймактардагы медицина мекемелери материалдык жана техникалык жактан гана камсыз кылынбастан, жогорку класстагы заманбап адистер менен да толукталышы керек. Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерге категорияларды ыйгаруу, аттестациядан өткөрүү жана башка ушул сыяктуу көп ыйгарым милдеттерин коомдук кесиптик уюмдарга тапшыруу керек. Башкача айтканда, кардиологияны — кардиологдорго, травматологияны — травматологдорго, чиновниктерге эмес ишти билгендерге өткөрүп берүү керек.

Ошондой эле жетекчи жөн эле мамлекеттен бир нерсе күтүп отура бербей, өзү башкаруучу болушу керек. Кызмат ордуна келген соң, демек, оорукананын абалын кантип жакшыртуунун билет да. Колунан келбесе, кетсин. 

Акырында айтайын дегеним, илимге карата көз карашты түп тамыры менен өзгөртүү зарыл. Дүйнө боюнча мамлекеттик стратегиялык ачылыштан башка бир да илимге мамлекет бир тыйын коротпойт. Жакшы окумуштуу өз тобун түзүп алып, долбоор жазып, жакшы грант алат да өз илимий изилдөөсүн жасап, жыйынтыгын берет. Жакшы натыйжалар ага эле эмес, ал иштеген бүтүндөй мекемеге акча алып келет. Кыргызстанда “мамлекет күнөөлүү, ал аз берет же эч нерсе бербейт” деген “жатып ичерлерди” даярдашкан. Илимге мындай мамиле болбошу керек. Мындай илимдин бизге кереги жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0