Айдын Пазаржы: Түркиядагы ЖМК өкүлдөрүнүн камакка алынышы сөз эркиндигине болгон кысым

© Фото / Zaman / Selehattin SeviГлавный редактор газеты Zaman Экрем Думанлы
Главный редактор газеты Zaman Экрем Думанлы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркияда камакка алынган Zaman гезитинин башкы редактору Экрем Думанлы жана Samanyolu телеканалынын жетекчиси Хидайет Каража башында турган 30дан ашык киши "өлкө бийлигин кулатууга аракет кылган" деген кине менен айыпталууда.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Түркиянын бир катар ири шаарларында жекшемби, 14-декабрда, отуздан ашык киши "мыйзамсыз уюм түзүү", "өлкө бийлигин кулатууга аракет кылган" деген айып менен камакка алынган. Алардын көч башында Түркиядагы Zaman гезитинин башкы редактору Экрем Думанлы жана Samanyolu телеканалынын жетекчиси Хидайет Каража, аталган телеканалдын продюсерлери Салих Аслан жана Энгин Коч, сценарист Макбуле Чам, ошондой эле полициянын терроризм менен күрөшүү боюнча Стамбул департаментинин мурдагы башчысы Туфан Эргүдер бар.

ЕБ дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини менен Коңшулук жана кеңейүү макулдашуулары боюнча европалык саясат боюнча еврокомиссар Йоханнес Хан Туркиядагы журналисттердин кармалышын сынга алган биргелешкен билдирүүнү таратты. 

Өлкө бийлиги иликтөө Туркиянын мыйзамдарына ылайык көзкарандысыз прокурорлор тарабынан жүргүзүлүп жаткандыгын билдирүүдө.

"Биз тизелебейбиз жана Туркияны жалган жаңылыктар менен бараткан жолунан чыгарабыз деп аракет кылгандар менен бирге болбойбуз. Азыр нормалдаштыруу процесси жүрүп жатат, биз жаңы Туркиянын уруктарын чачып жатабыз, ал эми кимдир бирөөлөр артка бурабыз деп аракет кыла турган болсо, анда алар бизден жооп алышат. ЕБ өзүнүн иштери менен алек болсун жана улуттук коопсуздукка шек келтирүүгө каршы жүргүзгөн биздин аракеттерибизге кийлигишпесин", — деп Эрдоган Түркиянын түндүк-батышындагы Кожаэл шаарында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Бул кишилердин кармалышы боюнча "Zaman Кыргызстан" гезитинин башкы директору Айдын Пазаржы биздин кабарчыга өз оюн билдирди.

"Түркияда болуп жаткан бул окуяларды сөз эркиндигине болгон кысым деп баалоодон бөлөк эч нерсе айта албайсың. Себеби, мындан үч күн мурда Zaman гезитинин башкы редактору Экрем Думанлы менен Samanyolu телеканалынын жетекчиси Хидайет Каража твиттерден окуп алып, Стамбулдун башкы прокуратурасына алардын үстүнөн кандайдыр бир кылмыш иши козголушу мүмкүнбү деп барган. Прокуратурада алардын үстүнөн иш козгоого негиз жок деп билдиришкен. Бирок дем алыш күнү полиция келип аларды жана башка кишилерди кармап кетти", — дейт ал.

Архив: флаг Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы Zaman гезитинин башкы редактору кутумдукка шектелип кармалды
Эске салсак, 2013-жылдын 17-декабрында түрк бийлигиндеги бир нече аткаминердин коррупциялык иштери ачыкка чыгып, чоң резонанс жаралган. Бул окуяны жазып чыккан журналисттер 17-25-декабрь күндөрүн "коррупцияга каршы күрөшүү жумалыгы" деп атоону пландап жаткан.

Айдын Пазаржынын айтымында, 2013-жылдын декабрь айында болгон бул окуядан кийин "Кылмыш жасашы мүмкүн" (Кылмыш иши жок, бирок кийинчерээк болушу мүмкүн) деген мыйзам кабыл алынган. Кармалган кишилер ушул кылмыш иштери боюнча шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0