Руслан Акматбек: ИИО ишкерлерди текшерүүгө такыр укугу жок

Жазылуу
Милиция кызматкерлерине жеке ишкердик субъектерин текшерүүгө салынды.

Архив: милиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерлерине жеке ишкердик субъектилерди текшерүүгө тыюу салынды
БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев милиция кызматкерлери ишкердик субъектерин текшерүүгө тыюу салуу боюнча тапшырманы ички иштер министри Мелис Турганбаевге тапшырды. Министр тийиштүү буйрукка кол коюп, аткарыла баштады. Өкмөт тараптан жасалып жаткан бул аракетке ишкер чөйрөсү жана экономисттер кандай карайт деген суроого жооп издедик.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Руслан Акматбек ишкерлерди текшерүүгө укуктуу органдардын тизмесинде ички иштер министрлиги башынан эле жок болгондуктан алардын текшерүүгө такыр укугу жок экенин айтты. 

"Алар өзүм билемдик менен мыйзамды бузуп текшерип атат. Буга чейин алардын тийиштүү бөлүмдөрүнүн текшергенге укугу бар болчу. Азыр болсо жок. Бирок, министрликтин бир катар бөлүмдөрү кыйыр түрдө текшерип атышат. Өзгөчө Кыргызстандын аймактарындагы майда соодагерлерди жана чакан бизнес ээлерин байма-бай текшерет. Анткени ишкерлердин өз укугун толук билбегендиктен пайдаланышат. Ишкерлер да өз укугун билбегендиктен ушундай текшерүүлөргө жол беришет", — дейт ал.

Руслан Акматбек мындай мыйзамсыз текшерүүлөрдөн арылуу үчүн ар бир ишкерге өз укуктарын толук билүүнү камсыздоо керек жана бул жолго барган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу зарыл. Ошондо гана бул көрүнүш тыйылат, — дейт ал.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов өкмөт тарабынан жасалып жаткан бул аракет колдоого аларлык экенин белгилейт. 

"Негизи эле милиция кызматкерлери ишкерлердин жумушуна кийлигишпеши керек. Алар өз милдеттеринен аша чаап кээ бир ишкерлердин патенттерин, салык төлөгөнү боюнча документтерин текшерген учурлар көп эле. Эгер өкмөт чакан ишкердикти өнүктүрөм, аны колдойм десе текшерүүчү органдардын санын кыскартышы керек. Текшерүү канчалык көп болгон сайын ишкердик жүргүзүп аткандарга ошончолук тоскоолдук жаралат", — дейт ал.

Идинов өз сөзүндө мамлекет ишкерлерди "каралардын" таасиринен да колдошу керектигин, ал мамлекеттин милдети экенин баса белгиледи. Ошондой эле, "Милицияны текшербе дедик, эми алар текшербей калат" деп отура бербестен, жеке ишкерлердин "долясына" отуруп жүргөн "каралардан" да коргоо керек, — дейт ал. 

Жаңылыктар түрмөгү
0