21:36 24 Бугу 2017
Түз эфир
Беспорядки в США

БУУ АКШ полициясынын улуттук азчылыктарга мамилесине тынчсызданууда

© Фото / Amir Aziz
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
15 0 0

БУУнун Кыйноолорго каршы комитети АКШга сунуштай турган кеңештерин кара түстүү улан Майкл Браунду атып өлтүргөн полиция кызматкерине каршы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан сот чечиминен бир нече күн өткөндөн кийин жарыялады.

БИШКЕК, 29-ноя — Sputnik. БУУнун Кыйноолорго каршы комитети айрым расалык топторго кирүүчү адамдарга карата АКШнын полициясы зомбулук аракеттерин көп колдонуп жаткандыгына тынчсызданууда деп билдирет РИА Новости

Аталган комитет Вашингтондун кезектеги докладын кароонун жыйынтыгы боюнча иштеп чыккан кещештерге таянуу менен.

"Комитет полиция кызматкерлеринин ырайымсыздыгына жана айрыкча, айрым улуттук жана расалык топторго карата ашыкча күч колдонулуп жаткандыгы тууралуу көп сандагы билдирүүлөрдүн болуп жатышына тынчсызданууда. Ал эми жакында эле полициянын катышуусундагы кара түстүү куралсыз адамдардын өлүмүнө алып келген ок атуулар боюнча да түйшөлүүсүн билдирет", — деп айтылат документте. 

Буга байланыштуу комитет АКШны өлкө полициясы жасаган бардык ырайымсыздыктарын жана ашыкча күч колдонууларын териштирүүгө, андан сырткары ушуга окшогон бардык окуялар боюнча күнөөлүүлөрдү жазага тартууга мүмкүндүк бергидей толук жана кылдат тергөө жүргүзүүгө чакырды. 

БУУнун Кыйноолорго каршы комитети кеңештерин Фергюсон шаарында кара түстүү улан Майкл Браунду атып өлтүргөн полиция кызматкерине каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу сот чечиминен бир нече күн өткөндөн кийин АКШга сунуштап, жарыялады. Баланын ата-энеси мурдараак 12-13-ноябрда Женевада өткөн АКШнын кыйноолор боюнча кезектеги талкуусуна да катышкан. 

АКШ — Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликсиз же киши кадырын кемсинтүүчү мамилелер менен жазалоолорго каршы Конвенцияга мүчө 156 мамлекеттин бири жана БУУнун көз карандысыз он эксперттен турган Комитетинде мезгил-мезгили менен кароодон өтүп турат.

Белгилер:
Даррен Уилсон, Майкл Браун, Фергюсон, БУУ, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ

  • Дарыканада кезекте турган адамдар. Архив

    Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.

    45
  • Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиев НТС каналынын Кайгуул ТВ программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеевден интервью алды.

    Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулоого ниеттендик. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттер эмес, алардан саясатчылар алат. Төмөндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиевге НТС каналынын "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеев интервью берди.

    1136
  • Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

    Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

    192