Кыргызстандагы инсулин жагдайы туурасында кайчы пикирлер жаралууда

© Фото / sriram balaИнсулин
Инсулин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда инсулинге тиешеси бар адистер менен дарыгерлердин ортосунда маалыматтын так эместиги боюнча талаш пикир жаралды

БИШКЕК, 14-ноя — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Алдын алуу жана дарылоо бөлүмүнүн башкы адиси Нургүл Ибраева Кыргызстандагы инсулин жагдайы боюнча маалымат берди. Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан Елена Баялинова таратты.

Центр диагностики и лечения диабета во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Кыргызстанда диабет менен күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет
Кыргызстанда канттын курамын азайтуучу дары каражаттарга болгон суроо-талапты канааттандырган каражат бөлүнгөн эмес.

"Кыргызстанда мындай каражаттарга болгон суроо-талаптын көлөмү 145 миллион сомду түзөт, бирок, былтыркы жылдын бюджеттеги тартыштыгынан улам, болгону 90 миллион сом каралган. Бизде тендер 2 жылга өткөрүлөт. Былтыр ноябрда 2014 —2015 — жылга жасалып, ага 90 миллион сом бөлүп беришкен. Ошентип, эки жылга каралган каражаттын көлөмү 180 миллион сом болду. 

Кант диабети менен ооругандарды инсулинсиз калтырбаш үчүн арзаныраагын жетиштүү санда сатып алдык. Чектелүү көлөмдө картридждик деп аталган инсулинди алдык, б.а. бул балдарга колдонула турган түру. Аны кичинекейлерге беребиз. Ал эми чоңдорду тилекке каршы, жөнөкөйлөрүнө өткөрүп жатабыз", – деди Ибраева. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү арзан баадагы сатылып алынган инсулин ден соолукка терс таасир тийгизбей тургандыгын билдирди. 

"Булардын зыяны жок, болгону азыр жаңыланган, колдонууга ыңгайлуу түрлөрү чыгып жатат. Алардын колдонуудагы түйшүгү азыраак, б.а. артыкчылыгы инсулинди ийнеге сордуруп отурбайт, дагы бир жакшы жери тамакты ичкен, ичпегенге байланыштуу болбойт. Ал эми жөнөкөй инсулинди тилекке каршы, күнүгө 3-4 жолу алууга туура келет жана тамак ичүү тартибин сактап, ошону менен катар эле атайын ийнеге сордуруп алып, куюш керек. Айырмачылыктар ушунда", – деди Нургүл Ибраева.

Каяша пикир

Кыргызстандагы Диабетика жана эндокринологиялык Ассоциациясынын президенти, Бишкектеги эндокринологиялык диспансердин башкы дарыгери Светлан Мамутова бул пикирге макул эместигин билдирген.

Мамутованын каяша пикиринде, инсулиндер арасында "жөнөкөй" деген түшүнүк жоктугу, алар узак жана кыска мөөнөткө таасир берүүсү боюнча бөлүнөөрү айтылат.

"Экинчиден, сатып алынган инсулиндердин бардыгы жакшы сапатта. Алар заманбап технология менен мыкты өндүрүүчүлөр тарабынан жасалгандыктан, "арзан" деп атоого болбойт. Бул инсулиндер дүйнөнүн бардык эндокринологдору тарабынан колдонулуп келет", – деген ал.

Мамутова андан сырткары пациент кандай гана инсулинди пайдаланбасын, аны колдонуунун эрежелерин жана тамак ичүүнүн мөөнөтүн сактоо керектигин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0