Кыргыз Улуттук Университетке ректор дайындала элек

© Sputnik / Михаил РогожинАрхив: Кыргыз Улуттук Университети
Архив: Кыргыз Улуттук Университети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын депутаты КУУнун ректору алигиче дайындала электигин, мындай абал окуу жайдын жамаатынын арасында нааразычылык жаратып жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. Учурда Кыргыз улуттук университетинин жетекчиси али дайындала элек. Бул маселени көтөргөн ЖКнын депутаты Элмира Жумалиева тез арада ректорду бекитүү зарылдыгын айтты.

"Ушу тапта Улуттук университет жетекчиси жок турат. Жетекчи жок жерде башаламандык өкүм сүрөт. Окуу жайдын жамаатынын арасында нааразычылыктар болууда. Улуттук университеттин ректорлук кызмат ордуна сынак жарыяланып, анын жеңүүчүлөрү аныкталган. Бирок, эмнегедир ушул кезге чейин дайындалбай жатат. Өкмөт тиешелүү чараларды көрүп, бул маселенин чечилишин тездетиши керек», — деди депутат Элмира Жумалиева.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректорун шайлоодо эмгек жамааттын эң көп добушун Улутук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев (214 добуш), аталган окуу жайдын Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев (161) жана КУУнун Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова (153) алган. Үч талапкер өкмөткө сунушталып, премьер-министр алардын бирөөсүн ректорлукка дайындашы керек.

Кыргыз улуттук университети 1933-жылы түптөлгөн. Учурда Кыргызстандын окуу жайларынын флгаманы болгон КУУда 30 миңге жакын студент билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0