Бажы биримдиги айыл чарба продукцияларына суроо-талаптарды өстүрмөкчү

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүАрхив: Ош базар
Архив: Ош базар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба тармагында эт өнүмдөрүнүн сертификациялоо маселеси ачык суроо болуп турат. Бул маселени чечүүдө эле өкүлдөрү да аракет кылууда.

БИШКЕК, 6-ноя — Спутник Кыргызстан. Депутат Эркингүл Иманкожоева Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе элет тургундарынын турмушу бир топ жакшыраарын айтты.

Эл өкүлүнүн пикиринде айыл чарбачылыгына артыкчылык берилип, жер иштетүү жана мал чарбачылыгы өсүш алат. Анткени, аталган тармактын өндүргөн өнүмдөрү сыртка кымбат сатылат.

"Кыргызстандын аймагында иш алып бара турган атайын фонд дыйкан-фермерлердин продукцияларын кабыл алууга ыңгайлуу шарт түзүп берет. Бул жакшы саамалык. Болгону эт өнүмдөрү үчүн гана сертификация маселеси ачык суроо болуп турат. Бул багытта Эл аралык органикалык форумга келген британиялык өкүлдөр менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Европалык стандарттардын сертификатына ээ болуу кыйла кыйын. Бирок, ошол нерсеге жетишип алсак, Кыргызстанда чыгарылган айыл чарба продукциялары экспорттоого келгенде чоң суроо талаптарды жаратат эле", — дейт депутат Иманкожоева.

Кыргыз Республикасы Бажы биримдигине 2015-жылдын 1-январынан тарта толук кирүүгө ниеттенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0