Бали! Кыргызстандык футболчулар Бангладеш командасын 4:1 эсеби менен жеңди

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан курама командасы Бангладеш менен беттеш учурунда
Кыргызстан курама командасы Бангладеш менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өттү.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладешти 4:1 эсеби менен утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды. 

Бул футболдук беттешке өлкө башчы Садыр Жапаров да күбө болгон. Командалар "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин алкагында таймашкан.

Стадионго 14 миңге чукул күйөрман келип, алар ата мекендик спортчуларга болуп көрбөгөндөй дем-күч беришти.

Эскерте кетсек, жолдоштук турнир улуттук курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына карата даярдыгынын алкагында өттү. Буга чейин Кыргызстандын футболчулары палестиналыктарды 1:0 эсебинде уткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0