Дарыгер 50 жаштан өткөндөр рактын кайсы түрүнөн абайлашы керектигин айтты

© AP Photo / Rogelio V. SolisАшыкча салмактуу киши. Архив
Ашыкча салмактуу киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Адис бул оору рактын эң көп кездешкен беш түрүнүн бири болуп саналарын, жаш курак өткөн сайын анын пайда болуу коркунучу жогорулай турганын билдирди.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жоон ичеги рагына кимдер кабыларын, ал кантип пайда болорун жана алдын алуу жолдорун РИА Новости дарыгер-онколог жана проктолог Елена Смирновага таянып жазды.
Ал белгилегендей, бул оору рактын эң көп кездешкен беш түрүнүн бири болуп саналат. Жаш курак өткөн сайын анын пайда болуу коркунучу жогорулайт.
"Жоон ичегинин рагы 90 пайыздан ашык учурда 50 жаштан ашкан бейтаптарда кездешет", — деди дарыгер.
Лечение герпеса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Көпчүлүгүбүздө бар. Рак илдетин пайда кылчу 7 вирус аталды
Смирнова 15 пайыз учурда шишиктин бул түрү тукумдан бериле турганын кошумчалады.
Дарыгер майларды көп колдонуу, клетчатканын, кальцийдин жана фолий кислотасынын жетишсиздиги оорунун пайда болуу тобокелдигин жогорулатарын белгилеген.
Адис 40 жаштан өткөндөрдү проктологго көрүнүп турууну сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0