Стресстен да арылтат! Кадимки пияздын пайдалуу касиеттери

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүДүкөндө кардар пиязды тандап жатат. Архив
Дүкөндө кардар пиязды тандап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Ачуу жашылча А, С, Е витаминдерине бай келип, терини тунук көрсөтүүгө, ден соолукту бекемдөөгө жардам берери кошумчаланды.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Түркиянын Milliyet басылмасы кадимки пияздын пайдалуу касиеттери тууралуу макала жарыялаганын РИА Новости жазды.
Билдирмеге караганда, аталган азык витаминге өтө бай жана ден соолукту бекемдөөгө жардам берет.
Басылма пияз сөөктү бекемдеп, холестериндин деңгээлин төмөндөтө турганын жазган. Мындан улам кан-тамыр ооруларына кабылуу тобокелчилиги азайып, жүрөктүн иштөөсү жакшыраары айтылды.
"Пиязды чийки жеген учурда тамак сиңирүү да жакшырат. Ага кошумча бул азык ичегиде пайдалуу бактериялардын пайда болушун шарттайт. Пияздын курамында ар кандай 25 антиоксидант болгондуктан, алар организмдин клеткаларынын бузулуусун алдын алат", — деп айтылат маалыматта.
Аталган жашылча оозду ар кандай бактериялардан да тазалайт. 
Муздактычтагы азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2020
Муздаткычта кандай азыктарды сактабаш керек? Пайдалуу кеңеш
"Анын микробго каршы касиети тиштердин бекем болушун шарттайт. Пияздын курамында көз үчүн пайдалуу болгон "кверцетин" аттуу зат дагы бар", — деп жазган басылма.
Изилдөөдө окумуштуулар пияз уйкунун сапатын да жакшырта турганын аныкташкан. Анын курамында стресстен арылтып, ичегинин иштөөсүн жакшырткан була бар экени айтылды.
Ошондой эле аталган ачуу жашылча А, С, Е витаминдерине бай келип, терини тунук көрсөтүүгө да жардам берери кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0