Жыландан качкан спортчу Хабиб Нурмагомедовду сүзүп, башы канап кетти. Видео

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүUFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео Нурмагомедовдун чемпиондук курун үчүнчү ирет коргоо үчүн Жастин Гэтжи менен беттешке даярдык учурунда тартылган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Интернетте эрежесиз эр уруштун жеңилбес мушкери, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун чоң жыландан безе качкан видеосу тарады. Аны машыктыруучу Хавьер Мендес өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Тасмада көрүнүп тургандай, машыгуу залында отурган Хабиб Нурмагомедов баш болгон спортчулар жыланды көрүп жашынарга жай издеп качышкан. Жылан кайдан алып келингени айтылган эмес.

Видео Нурмагомедовдун чемпиондук курун үчүнчү ирет коргоо үчүн Жастин Гэтжи менен беттешке даярдык учурунда тартылган.

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

Видеодо көрүнүп тургандай, Хабибди жандай качкан башка спортчу анын тишин сүзүп алып башы канап кетет. Ал эми Хабиб ооруп калган маңдайкы тишин улам кармаганын байкоого болот.

Эскерте кетсек, 24-октябрда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында өткөн UFC 254 мелдешинин башкы кармашында Хабиб Нурмагомедов америкалык Жастин Гэтжини утуп, жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0