Абакта жаткан Тилек Матраимов үй камагына чыкты

© Фото / пресс-служба Карасуйского акимиатаКара-Суу районун мурдагы акими Тилек Матраимов. Архив
Кара-Суу районун мурдагы акими Тилек Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Матраимовдун баш коргоо чарасы 13-октябрь күнү өзгөртүлүп, сот аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул туурасында Ош облустук сотунун маалымат кызматы тастыктады.

Ага ылайык, Матраимов облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Натыйжада 13-октябрь күнү Матраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган.

Тилек Матраимовдун шөкөттөлгөн кабинети бош калды. Видео

Эске салсак, Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. Коңшу өлкө аларды 9-октябрда Кыргызстанга өткөрүп берген. Алар чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен айыпталууда.

Ош шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып, бир айга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечими чыккан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0