Жээнбеков жаңы дайындалган премьер жана спикер менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушу
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин белгилеген.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, мамлекет башчы алгач аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине ишеним арткан.

"Президент өлкөдө коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна, ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи. Ал кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башка өлкөнү өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү программаларды дагы иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду", — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров: президенттин отставка боюнча маселесин бүгүн чечишибиз керек

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн туруктуулугу жана аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0