Президенттин аппараты Жапаров премьерликке эмне себептен бекитилбегенин айтты

Жазылуу
Буга чейин президент токтомдун кайтарылышына эмне себеп болуп жатканын Садыр Жапаровдун өзүн кабыл алып жатканда айтып берген эле.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду Жогорку Кеңешке кайтарып, анын себебин президенттик аппарат түшүндүрүп берди.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын колдогон токтому президентке 12-октябрда түшкөн. Мыйзамга ылайык, өлкө башчы үч күндүн ичинде өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол коюшу зарыл. Бирок кол коюлбаган күндө да өкмөт бекитилди деп эсептелинип иштей берет.

Мындай ченем «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин аталган чечимдери коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда.

Жээнбеков РФ президентинин өкүлү менен жолукту. Ага Жапаров да катышты

Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот.

"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму, демек, бул Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн катышуусу дегенди билдирет", — деп айтылат билдирүүдө.

"Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө" КР мыйзамынын 1-беренесине ылайык, жыйынга катышкан депутаттардын саны, жыйын залында отурган жана добуш берүү алдында катталган Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны болуп эсептелет.

Айдарбеков президентке эл аралык уюмдардын позициясын жеткирди

Мындан улам кворумдун болушу 61 депутаттын өзүнүн катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт.

Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган.

Мындан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелинет.

Буга байланыштуу президенттин аппараты келип түшкөн тиешелүү документтерди парламентке кайтарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0