Места для спикера и вице-спикеров ЖК в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан

Депутаттар жаңы премьерди тандап жатышат. Резиденциядан онлайн-репортаж

Жазылуу
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйыны башталды.

Эл өкүлдөрү ЖК төрагасынын милдетин аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаевди кызматка бекитүү, премьер-министрди шайлоо жана президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган өзгөчө абал режимин киргизүү маселелерин карашат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:29 10.10.2020

Депутаттар өкмөт башчынын талапкерлиги, өкмөттүн курамы, токтому бир добуштан колдоп беришти.

19:26 10.10.2020

Садыр Жапаров сөзүнүн аягында Эркин Асрандиев вице-премьерликтен оозеки баш тартканын билдирди.

19:18 10.10.2020

Садыр Жапаров: "Эч кимден өч алууга, адилетсиздикке барбайм. Көп нерсени, кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм. Ал эми мыйзамсыз иштерге барган болсо, ал башка маселе".

19:11 10.10.2020

"Эгерде сизди бекитсек, президенттин милдетин аткаруучу болосуз, жоопкерчилик сизге түшөт, андыктан бардык күчтөр менен сүйлөшүңүз", - деди депутат Бакыт Төрөбаев. 

19:07 10.10.2020

“5-октябрда эл чогулуп Ак үйдү басып алып, сизди чыгарып ушул жерде отурасыз. Бул окуяга кандай баа бересиз, элдик толкундоо болдубу же төңкөрүшпү?” — деп сурады депутат Алтынбек Сулайманов.
Жапаров бул окуяны элдик толкундоо деп эсептей турганын айтты.

19:05 10.10.2020

Строкова президент Жээнбековду кызматтан кетпей эле коюшун суранды

18:53 10.10.2020

Алтынбек Сулайманов андан мыйзам боюнча 6-ноябрга чейин БШК кайра шайлоону даярдаш керектигин айтты.

18:52 10.10.2020

"Кайра парламенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эл бир манжаттуу шайлоону талап кылып жатат. Биз ошону карап чыгабыз. Депутаттар менен да кеңешебиз" деди Жапаров.

18:43 10.10.2020

"Азыр эле Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал арызын жазып кете тургандыгын мага билдирди. Сиздер өкмөттүн структурасын бекитип берсеңиздер арыз жазып кетем деди", - деди Жапаров.

Ал учурда депутаттардын алында өзүнүн программасын тааныштырып жатат. 

18:36 10.10.2020

Талант Мамтыов "Кумтөр" кени боюнча маселенин аягына чыгасызбы деп сурады.

"2012-жылы ЖК депутаттары комиссия түзүп "Кумтөрдү" толугу менен мамлекетке кайтаруу маселесин алып чыкканбыз. Бирок 35 гана депутат колдоп, өтпөй калган.

Мындан сегиз жыл мурда алсак болот эле, азыр алсак негизсиз болуп калат. Себеби алтындын запастары калган жок. Бул тууралуу эки жыл мурун адвокатым аркылуу журналисттер суроо бергенде мамлекетке кайтаруу позициямдан кайтканымды айткам. Белгилеп кетейин, өкмөткө келгенде эле ою өзгөрүп кетиптир дешпесин. Мен бул позициямды эки жыл мурда эле айткам. Бирок "Центера голд" компаниясы менен сүйлөшүп Кыргызстандын пайдасына иштететебиз", - деди ал. 

18:30 10.10.2020

 Урматтуу мекендештерим, эгер депутаттар колдоп берсе ак ниет кызмат кылууга, өлкөмдүн өсүп-өнүгүнтүрүүгө даярмын жана бар күчүмдү жумшайм. Мурдагы министрлер, баары өз кызматында калат

18:26 10.10.2020

Садыр Жапаров: Көпчүлүк депутаттар премьер-министрлик кызматка мени сунуштады. Ич-ара чырдашып, көчөдө талашып тартышууга убакыт жок. Азыр билекти түрүнүп иштей турган мезгил. Мындан аркы кырдаалга толугу менен жооп берүүгө даярмын.

18:21 10.10.2020

Садыр Жапаровду Бакиров өзүнүн программасын тааныштыруу үчүн трибунага чакырды. Ал биринчиден аянтка чыгып "тикесинен тик туруп чыгып берген" тарапташтарына ыраазылык билдирди.

18:20 10.10.2020
18:20 10.10.2020

Абдылдаев жыйынга жетекчилик кылууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берди.

18:19 10.10.2020
18:17 10.10.2020

Ал спикер болуп шайланышы боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатканын айтып, ошондуктан отставкага кетүүнү чечкенин билдирди. 

18:17 10.10.2020

6-октябрда, депутаттар саат 19:00дө чогулгандыгын Абдылдаев айтты. 

18:14 10.10.2020

Абдылдаев: өткөндөгү жыйында депутаттар дагы 61 адам болчу, андагы чечим да мыйзамдуу болгон.

18:12 10.10.2020

Абдылдаев: бүгүн бизде иштей ала турган өкмөт керек

18:12 10.10.2020
17:56 10.10.2020
17:52 10.10.2020

Алар "Бир бол" лидери Алтынбей Сулайманов, "Республика-Ата-журт" лидери Жыргалбек Турускулов, депутаттар Талант Мамытов, Кожобек Рыспаев жана спикер Мыктыбек Абдылдаев. 

17:48 10.10.2020
17:44 10.10.2020
17:38 10.10.2020
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча  - Sputnik Кыргызстан
17:24 10.10.2020
17:05 10.10.2020

ЖК спикер Мыктыбек Абдылдаев: Өлкөдөгү абалды стабилдештирүү үчүн өзгөчө кырдаал киргенде депутаттар өздөрү айттырбай эле чогулушу керек. Бүгүн мына күтүп жатабыз.

16:54 10.10.2020
16:53 10.10.2020
16:49 10.10.2020
16:47 10.10.2020
16:43 10.10.2020

Sputnik Кыргызстан агенттигине резиденция жүргөн бир катар депутаттар Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдоорун жана "ал үчүн аягына  чейин турарын"  билдиришти. 

16:25 10.10.2020
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
16:25 10.10.2020
Заседание Жогорку Кенеша в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
16:24 10.10.2020

 Депутаттар залга кирип орун алып жатат.

16:24 10.10.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0