Дарыгер кандай дүкөндөрдө COVID бат жугарын айтты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк дүкөнүндө бет капчан киши. Архив
Азык-түлүк дүкөнүндө бет капчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, илдетти илештирип алуу үчүн дем алуу аркылуу организмге миңдеген вирустук бөлүкчөлөр "кириши" керек. Бирок бул ченем ар кишиде ар башка болот.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Желдетүү системасы жакшы дүкөндөрдөн коронавирус жуктуруп алуу ыктымалдыгы аз. Бул тууралуу кооптуу инфекциялар боюнча адис Владислав Жемчуговдун айтканына таянуу менен РИА Ноовости жазды.

Анын айтымында, бул жерде жугуза турган доза чоң мааниге ээ.

Дарыгер пандемия маалында баш тарта турчу азыктарды санап берди

"Ооруп калыш үчүн дем алуу аркылуу организмге миңдеген вирустук бөлүкчөлөр "кириши" керек. Бирок ар кимдин өзүнүн ченеми бар, иммунитеттен да көз каранды. Эгер дүкөндүн желдетүү системасы жакшы болсо, вирустун баары тарап кетет. Мындай учурда оору жугузуп алуу ыктымалдуулугу төмөн. Демек, вентиляциясы жакшы жана адам көп чогулбаган жайлар коопсуз болуп саналат", — деди Жемчугов.

Дарыгер чакан дүкөндөр, жер төлөдө жайгашкан жайлар супермаркеттерге караганда кооптуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0