Сооронбай Жээнбеков парламенттин төрагасы менен импичмент маселесин талкуулады 

Жазылуу
Буга чейин эл өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийинки видео жарыяланган. Анда депутаттар бир пикирге келе албай тарап бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 

Эки тараптуу баарлашуу Жээнбековдун демилгеси менен ишке ашкан. Стамалиеванын айтымында, бул жолку сүйлөшүү телефон аркылуу болду, бирок тараптар бетме-бет келип сүйлөшүү зарылдыгын белгилешти. 

Эске салсак, кечээ, 7-октябрда, Жогорку Кеңеш депутаттарынын өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкууланган жолугушуусу үзгүлтүккө учураган.

КР президенти кандай шартта мөөнөтүнөн мурда кетет. Жол-жобосу

Мындан сырткары, Жээнбеков кризистик абалдан чыгуу үчүн түрдүү саясий күчтөр менен сүйлөшүп жатканы кабарланган. Ошондой эле президент саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтүп жатканы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0