Ошто атчан кишилер Кыргызстандын желектери менен - Sputnik Кыргызстан

Ошто азыр эмне болуп жатат. Тексттик баяндама, сүрөт, видео

Жазылуу
Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарында да абал тынч эмес. Бир нече күндөн бери борбордук аянтка эл чогулуп жатат. Кечээ кечинде ал жерге беш боз үй тигилген.

Эске салсак, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл 6-октябрда митингге чогулуп, түнкү саат үчтөрдө Ак үйдү алган. Бул окуядан соң премьер-министр менен ЖК төрагасы кызматынан кеткен. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөрдү диалогго чакырды.

Толкундоодон кийин Ош шаарында аны колдогон жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына, президентке нааразы болгон митингдер башталган. Шаар мэри менен облус жетекчисинин кызматы талашка түшкөн.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:52 08.10.2020

Ош шаарында митингдер токтоп, бүгүн кечинде абал тынч. Борбордук аянтта боз үйлөр турат. Аларга жарык киргизүү иштери жүрүп жаткандыгын байкоого болот. 

 

17:59 08.10.2020

Ошто президент Сооронбай Жээнбековду колдоп митингге чогулгандар тарап кетишти. Учүрда боз үйлөрдүн жанында бир аз эле адам калды.

Ситуация в Оше после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
16:29 08.10.2020

"Мен мэр болбойм, Таалайбек Сарыбашов менен кырдаалды турукташтырууну сүйлөшүп жатабыз", -деген бүгүн журналисттер менен сүйлөшүп жатып Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов. 

Экс-мэр города Ош Мелис Мырзакматов - Sputnik Кыргызстан
16:24 08.10.2020

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов: Мен келерим менен Сооронбай Жээнбеков өзү чалды. Ал кырдаалды турукташтырууга жардам бер деди. 

 

 

13:54 08.10.2020
13:49 08.10.2020

 "Ош облустук ички иштер башкармалыгы кылмыштуулук менен күрөшүүдө коомдук тартипти камсыз кылууда  күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Кыргызстандагы саясий окуялардан соң айрым жерлерде белгисиз жарандардын тобу райондук  администрация, соода түйүндөрүнө барып мыйзамсыз аракеттерди жасоого аракеттер болуп жатат", - деп айтылган маалыматта. 

Мындан улам ыктыярдуу элдик кошуундар менен ички иштер органдары биргеликте иш алып барышууда.

 2020-жылдын 7-октябрь күнү Ош облусунун Алай, Араван, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунда коомчулуктун өкүлдөрү менен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш ордуна бөлүштүрүү нускамасы өткөрүлдү. 24 саат бою  коомдук тартипти биргеликте камсыз кылышат

13:35 08.10.2020

Үн күчөткүч менен бүгүн тынчтык митингине келишкенин айтышууда. Колдоруна "Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!", "Бизге стабилдүүлүк, мыйзамдуулук керек!", "Укуктук талаага мамлекеттик кызматкерлер кайтсын!" деген плакаттарды көтөрүп турушат.

"Калсын", "Колдойбуз" деп кыйкырышууда. 

Ситуация в Оше после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
11:55 08.10.2020
Ситуация в Оше после парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
11:44 08.10.2020
Ситуация в Оше после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
11:30 08.10.2020

Ош шаарынын борбордук аянтына беш боз үй тигилди. Учурда чогулган элдин саны 300дөн ашып калды. Боз үйлөрдүн артына тамак-аш ичүүгө ылайыкташтырып столдорду коюшту.

Жаңылыктар түрмөгү
0