БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий жокко чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 4-октябрь күнү парламенттик шайлоо болуп өттү. Анын жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрь күнү митингге чогулуп, Ак үйдү алган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. БШК Жогорку Кеңештин VII чакырылышы үчүн өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.

Буга чейин комиссиянын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча акыркы чечим үчүн БШКнын жалпы кароосуна жөнөтүлгөнүн айтышкан. 

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мындай чечим өлкөдөгү саясий абалга жана көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0