Кытайга газ алып өтүүгө айыл чарба жерлери берилген. ЖКда айтылган доомат

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГаз трубалары. Архив
Газ трубалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Өзбекстан — Тажикстан — Кыргызстан — Кытай газ түтүгүнүн курулушу 2019-жылы башталып, үч жылда бүтө турганы айтылган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Айыл чарбага жарактуу жерлер аз болуп жатканда Кыргызстан Түркмөнстандан Кытайга газ алып өтүү үчүн айдоого жарактуу жерлерди берип салган. Мындай дооматын Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев парламентке келген Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаевге койду.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште "Жерди пайдалануу боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү" боюнча долбоор экинчи окууда каралды.

"Газ түтүгүн алып өтүүгө Тажикстан өз аймагынан жалаң тоолуу жерлерди берген, бизде эмнегедир айыл чарба багытындагы тилкелер бөлүнгөн", — деди депутат.

Национльная валюта Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Ат-Башыга логистикалык борбор курчу инвесторго 45 млн. сому кайтарылат
Ал эми Ботобаев бул үчүн жер ээлери Кытайдан компенсация алганын белгиледи.

"Ал түтүк Чоң Алай районунун аймагы аркылуу өтөт. Айдоо жерлерден өтпөгөнгө аракет жасалган, бирок өтүп кеткен учурлар дагы бар. Жер ээлери менен Кытай тарап келишим түзүп, компенсациясын төлөп берген. Газ куурлары айылдардан өтө алыс. Анткени ал абдан кубаттуу болгондуктан, эл жашаган аймакка жакындатуу кооптуу", — деди директор.

Буга чейин Өзбекстан — Тажикстан — Кыргызстан — Кытай газ түтүгүнүн курулушу 2019-жылы башталып, долбоор боюнча үч жылда бүтө турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0