Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоо кырларынын көрүнүшү. Архив
Тоо кырларынын көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. 12-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Ош, Баткен, Нарын жергелеринин айрым өрөөндөрүндө, Чүй менен Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Страны мира. Таджикистан  - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөргө карата аба ырайы
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл жергесинде 0…+5, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +1…+6 градус жылуу болсо, ал эми Нарында -5…-10 градус суук болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, борбор калаада күндүн табы +2…+4 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +3…+5 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0