Жээнбеков Путинге Россиядагы кыргызстандыктарды колдогону үчүн ыраазы болду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүГосударственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию
Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Россиядагы кыргызстандыктарга түзүлгөн шарт жакшырганын белгиледи.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын башчысы Владимир Путинге ал жактагы кыргызстандыктарга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында сүйлөп жатып, кыргызстандыктар Россия өңдүү бир катар мамлекеттерде окуп, иштеп жүргөнүн айтты. Президент ошондой эле Россияда иштеп жаткан мекендештерге каралган шарт жакшырганын кошумчалады.

"Россиянын президенти Владимир Путиндин жеке колдоосу менен миграция жаатында жеңилдиктер каралып, "кара тизмеден" чыгууга мүмкүнчүлүк жаралды. Андан сырткары, Кыргызстанда берилген айдоочулук күбөлүк менен Россияда иштөөгө уруксат берилди. Учурдан пайдаланып, биздин Россиядагы жарандарыбызды колдогону үчүн ыраазычылык билдиргим келет", — деди Жээнбеков.

Президент, андан сырткары, акыркы жылдарда коңшу мамлекеттер менен болгон алака бардык багыттар боюнча жакшырып жатканына токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0