Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады

Жазылуу
Жолдун бул бөлүгүн оңдоо иштери былтыр эле башталган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолунун башталышындагы, тагыраагы, Балыкчы шаарынын ичиндеги жети чакырымдык Аманбаев көчөсүнө асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Алишер Табалдиевдин сөзүнө таянып жергиликтүү кабарчы билдирди.

© SputnikБалыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады
Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады
© SputnikБалыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады
Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады - Sputnik Кыргызстан
2/2
Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады
1/2
Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады
2/2
Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады

"Учурда жолдун эки чакырымдай жерине асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Суу түтүкчөлөрү жана агынды суулар өтө турган арыктар жасалып бүткөн соң жети чакырымы тең бетондолот", — деп айтылат билдирүүдө.

Ош базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео
Эске салсак, Балыкчы — Корумду жолунун бул бөлүгүн оңдоо иштери былтыр эле башталган.

Ал эми калган бөлүгү каражаттын жоктугунан быйыл бүтүрүлбөй турганын 27-июнь күнү парламентке келген финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков айткан эле. 

Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштери боюнча кыргыз өкмөтү менен кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын ортосунда 2015-жылы келишим түзүлүп, оңдоо иштери 2016-жылы башталган. Көп өтпөй подрядчы тандоо боюнча чуу чыгып, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0