Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күндүн көзү бузулат

© Sputnik / Эмиль СадыровШахтерский город Сулюкта в Баткенской области
Шахтерский город Сулюкта в Баткенской области  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-21-мартта жана 23-мартта туруксуз аба ырайы күтүлөт.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 20-21-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноорузда күндүн көзү кандай болот. Бир жумага карата аба ырайы
Ага ылайык, 22-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 23-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт.

Ал эми 20-21-мартта жана 23-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан каттуу жаап, абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0