Кыргызстанда жыл сайын Көчмөндөрдүн улуттук оюндары өткөрүлмөй болду

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Национальные игры салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы оюндар Талас облусунда өтөт.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын Көчмөндөрдүн республикалык оюндары ар кайсы облустарда өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, президент иш сапарынын алкагында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту.

"Бул мелдештердин маанилүүлүгүн эске алуу менен Көчмөндөрдүн улуттук оюндарын жыл сайын республикалык деңгээлде өткөрүү чечимин кабыл алдык. Быйыл оюндар Талас облусунда өтөт ("Манас ордо" комплекси). Андан кийин эстафета башка облустарга узатылат", — деди Жээнбеков.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары өткөн жылы Ысык-Көл облусунда өтүп, ага 60 мамлекеттен келген спортчулар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0