Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 13-февралда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облустарында +5…+10 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +6…+11 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көл аймагында +2…+7, Нарын облусунда -3…-8 градус суук болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +9…+11, Бишкек шаарында +6…+8 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0