ЖМК: Антонина Шевченко америкалык мушкер менен беттешмей болду

© Фото / Jeff SainlarКыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкердин каршылашы өткөн жылдын ноябрь айында беттешке чыгып жеңилип калган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Антонина Шевченконун UFC уюмунун алкагында өтө турган келерки беттеши үстүбүздөгү жылдын апрель айында Санкт-Петербургда өтөт. Бул тууралуу BJ Penn спорттук порталына жарыяланды.

Маалыматка караганда, кыргызстандык мушкер рейтингде сегизинчи орунда турган америкалык Роксанна Модаффери менен кезигишет.

Шевченконун каршылашы буга чейин эң жеңил салмак боюнча чемпиондукка талапкер болгон. Ал өзүнүн акыркы беттешин өткөн жылдын ноябрь айында өткөрүп, Сиджара Юбэнкске жеңилип калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🇧🇷 Wmma Power 🏆 (@wmma.power)

Кыргызстандык мушкер менен америкалык спортчунун беттешүүсү азырынча турнирдин программасында жок. Ушуга байланыштуу UFC тарабынан жар салына элек.

Антонина Шевченконун дүйнөлүк деңгээлдеги беттешинин дебьюту өткөн жылдын декабрь айында болгон. Ал түштүккореялык Жи Йон Кимди жеңип, биринчи ийгилигин жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0