18:37 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Китеп. Архивдик сүрөт

Кыйынчылыкка карабай ийгиликке жеткендер жөнүндө китептин бет ачары болот

© Sputnik / Валерий Мельников
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
85 0 0

Китептин каармандары өжөрлүгүнүн, эмгекчилдигинин аркасында белгилүү болгондор.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Борбор калаада көркөм өнөр жөнүндө балдар китептеринин бет ачары өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Китептерде көркөм өнөргө кызыккан кичинекей бала өзүнүн үмүтүнө умтулуп, тоскоолдуктарды жеңгени, атактуу болгону жана өз мекенин дүйнөгө даңктаганы жөнүндө айтып берет.

Иш-чара 17-декабрда Улуттук филармонияда өтмөкчү.

Китептин каармандары биздин замандаштар. Алар — композитор, Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев жана сүрөтчү, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев. Коңшу Казакстандан кыл кыякчы, Улуттук көркөм өнөр университетинин ректору Айман Мусакожоева. Өзбекстандын опера ырчысы, СССРдин эл артисти, азыр Ташкент консерваториясынын опералык вокал кафедрасынын жетекчиси Исмаил Жалилов.

Булардын баары кичине кезинде талантынын, өнөрүнүн аркасында эле эмес, өжөрлүгүнүн, эмгекти сүйгөндүгүнүн, башка түшкөн кыйынчылыктарды көтөрө билгендигинен улам да белгилүү болгондор.

"Көпчүлүгүбүздө эмне үчүн китептер замандаштар жөнүндө деген суроо жаралышы мүмкүн. Биз көзү өтүп кеткендерге таңданууга көнүп алганбыз жана көп учурда жаныбызда көп сандаган таланттуу, эң сонун адамдар жашап жатканын унутуп калабыз, көрбөйбүз. Андыктан мындай адамдардын үлгүсү балдарга шык берип жана аларды өмүр жолунда оорчулуктардан коркпоого, өзүнүн максатына карай бекем барууга дем бере алат. Балким жаш кыргызстандык ушул китептерди окуп, көркөм өнөрдү өзүнүн өмүр жолу деп тандап алаар. Балким ушул китептердин бири анын тандоосун колдоп жана биздин көркөм өнөрдүн горизонтунда жаңы жаркыраган жылдыз жанаар", — деп айтылган маалыматта.

Китептерди "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу "Азыркы көркөм өнөр – балдарга" долбоорунун алкагында бир катар тараптардын колдоосу менен басып чыгарды.

Тема боюнча

Касымова: 60 мектепте электрондук китепкана иштеп жатат
Мугалимдин кадырын көтөрөлү! Жээнбеков агартуучуларды куттуктады
Кыргызстан Катардагы эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышат
Белгилер:
үлгү, китеп, Бишкек, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ