Кардашьян Калифорниядагы өрттөн жабыркагандарга көп суммадагы каражат которду

© REUTERS / Eric ThayerКалифорниядагы өрттөн жабыркагандар
Калифорниядагы өрттөн жабыркагандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Калифорния штатынын түндүк тарабында чыккан өрт 8-ноябрда башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүү окуя катары катталды.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Америкалык атактуу теле алып баруучу Ким Кардашьян, рэпер жолдошу Канье Уэст жана Yeezy, Adidas бренддери Калифорниядагы өрттөн жабыркагандарга жалпы жонунан 500 миң доллар өлчөмүндөгү каражат бөлүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

"Жолдошум Канье Yeezy жана Adidas бренддери менен биргеликте 200 миң доллар бөлдү. Биздин үй-бүлө өрттөн жабыркагандарга жардам берген фонддун эсебине дагы 200 миң доллар которду. Жеке өзүмдүн атымдан үйүнөн ажыраган жаш үй-бүлөгө 100 миң доллар бердим", — деди Кардашьян жергиликтүү телеканалга маек берип жатып.

Өрттөнүп кеткен Калифорниядагы Парадайз шаары - Sputnik Кыргызстан
Калифорниядагы өрттөн улам каза болгондордун саны 80ге жетти
Мындан тышкары, теле жылдыз анын үйүнө жетип калган тилсиз жоону токтоткон өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, АКШнын Калифорния штатынын түндүк тарабында чыккан өрт 8-ноябрда башталып, штаттын тарыхындагы эң кесепеттүү окуя катары катталды. Жаратылыш кырсыгынан улам 300 миңден ашык тургун көчүрүлүп, 80ден ашуун адам каза болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0