ЖМК: Криштиану Роналду үйлөнөт, той качан болору да айтылды

© AFP / Glyn KIRKНападающий Реал Мадрида и Португалии Криштиану Роналду
Нападающий Реал Мадрида и Португалии Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн үйлөнүү тою кийинки жылы августта болот

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Реал Мадрид" футбол клубунун оюнчусу Криштиану Роналду испаниялык модель Жорджина Родригес менен баш кошот. Алардын тою 2018-жылы Дүйнө чемпионаты аяктагандан кийин болорун Р-Спорт басылмасы чет элдик ЖМКларга таянуу менен жазып чыкты.

Португальский форвард Реал Мадрида Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Криштиану Роналду "Реал" клубунан чыгарын айтып, себебин түшүндүрдү
12-ноябрда Родригес футболчуга кыз төрөп берип, ага Алана Мартина деген ат коюшкан. Роналдунун эки карын энеден төрөлгөн үч баласы бар. Алар жети жаштагы Криштиану-кичүүсү жана быйыл июнда төрөлгөн Ева жана Матео.

Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн үйлөнүү тою кийинки жылы августта болот. Бул маалда Роналду Россияда өтө турчу дүйнө чемпионатына катышып бүткөн болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0