Аңтар-теңтер түшүргөн тасма. Саякбайдын аянын көрдүм...

© Фото / Фонд Саякбай манасчи / Кантаим Айтматова Премьер фильма "Саякбай"
Премьер фильма Саякбай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" кинотеатрында көптөн бери айтылып жүргөн "Саякбай" тасмасы калың элдин назарына сунушталды. Фильмди көрүп келген Канышай Бешбаева тасмадан алган таасири менен бөлүштү.

Манас, Манас болгону
Манас атка конгону…

Саякбай тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
"Саякбай" фильми тууралуу. Манасчы элине кайтып келгендей эле болду
Манасты мен алгач ушул саптардан тааныгам. Анан 4-класстан китебин окудум, "Көкөтөйдүн ашы" экен. Жакшы түшүнбөсөм да анын мааниси терең экенин, олуттуу нерсе экенин аңдагам. Кийин мектептен окудум. Анан колума залкар Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манасы" тийди. Ушул китептен кийин Манас ааламына баш багып, баш багып алган соң кайра артка кайта албай, кайткым да келбей, окуган сайын оюм алып учуп, ошондон чексиз рахат алып, кыргызды жантыгыман жатып сүйгөн жаным ого бетер элжиреп, Манасты ыроолоп койгон Теңирге табынып, өрөпкүп, мен дагы Манас деген чексиз ааламдын бир тамчысына айландым…

Манасты көздүн карегиндей сактап, жан дилин берип, өзүн ошол дүйнөгө арнап койгон манасчылар Тыныбектин, Акылбек, Назар, Балыкооз, Найманбай, Сагынбай, Саякбай, Шапак аталардын арбагына таазим эттим. Өзгөчө Каныбек Иманалиевдин "Саякбай" китебин окугандан кийин залкар манасчынын заманында жашагандай, кошо жүргөндөй, турмушунун ачуу-таттуусун бирге таткандай эргигем. 

Эми мен ошол залкар Саякбайдын, улуу Саякбайдын аянын көрдүм… Кудум китептен окугандай… Кичинекей Саякбайды кой кайтарып жүргөн жеринен тосуп чыккан Каныкей энени көрдүм, буудандарын алкынтып опол тоодой болгон Эр Манасты, Алмамбет баатырды, акылман Бакай бабаны көрдүм…

Илгери "Чоң казатка баргандан кийин Манас ата Бээжинге жатып албай бирөөнү дайындап коюп, кыргыз жергесине келе бербейт беле, жекеге чыккан Коңурбайды жыккандан кийин Алгарасын бербей койбойт беле" деп күйүп-бышып жүрүп, "Манас бабам менен баарлашып", суроолорума "жооп" алгандай болуп каниет алып калдым эле.

"Аялзаттын паашасы Каныкей энебиз кандай жан болду экен, Саякбайга кантип жолукту экен, Баатырлар кантип колдошту экен, дегеле Саякбай кантип Манас айтып калды экен" деген суроолорума белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров жооп алып берди. Кыргызды кемитпей, суусун түгөтпөй тамырын сактап келген эрендердин караанын көрсөм деген эңсөөмдү басты.

Съемки фильма Манасчи Болота Шамшиева - Sputnik Кыргызстан
Саякбай Каралаев жөнүндө эң биринчи тасма. "Манасчы" тууралуу 5 факты
"Саякбай" тасмасы чындап мыкты болуптур. Тээ түпкүрдөн оргуп чыккан толкун бир маалда бүткөн бойго жайылып, жүрөк оозго кептеле түшүп, жаш муунтуп, каным дүргүп, эбедейим эзилип, аяп, ызаланып, өкүнүп, үшкүрүп, каткырып, жер муштап көрдүм. Эң башкысы, көкүрөк-көөдөнүмө болуп көрбөгөндөй СЫЙМЫК толду, мага дем берди! Кыргыз экениме, Манасым бар экенине, Саякбайым бар экенине ушундай бир толкудум! Элимдин уучу кур эмес экенине сыймыктандым, алдыдагы жакшылыктан үмүттөндүм, кыргыздын эртеңи бар экенине ишендим!

Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаровго, Саякбай Каралаевдин ролун ойногон Үмөт Болот уулу менен Марат Жантелиевге, Бейшекан апанын образын жараткан Тынара Абдразаевага, Чыңгыз Айтматовду ойногон Элдар Айтматовго, тасмага музыка жазып берген Муратбек Бегалиевге, ушул кереметтин жаралышына огожо болгон Самат Ибраевге, бардык чыгармачыл топко терең ыраазычылык.

Бар бол, кыргыз элим! Ар бир үйдө комуз чертилип, Манас айтылсын, жигиттерибиздин башынан ак калпагы түшпөсүн!

Жаңылыктар түрмөгү
0