Жээнбеков: өкмөттөн берилчү ипотекалык насыянын үстөгүн 10%га төмөндөтүү керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджет каралып жаткан жыйын учурунда
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджет каралып жаткан жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы мындан сырткары күрөөгө коюу тартиптерин жана биринчи төлөм талаптарын жеңилдетүү зарылдыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында берилип жаткан ипотеканын үстөк пайызын 10 пайызга чейин төмөндөтүү керек. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджет каралып жаткан жыйын учурунда билдирди. 

Жээнбеков муну менен катар күрөөгө коюу тартиптерин да жеңилдетүү керек деген пикирде. 

"Программа чын эле жеткиликтүү болушу үчүн үстөк пайызды төмөндөтүү керек. Мындан сырткары, күрөөгө коюу жана биринчи төгүм талаптарын жеңилдетсе мамлекеттик кызматкерлерге жакшы шарт түзүлмөк",— деди Жээнбеков. 

"Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында өкмөт жети банк менен иштешип келет. Ипотекалык насыяга мамлекет 5 миллиард сомдон ашык каражатты жумшап, акчаны бир гана сом менен берет.

Бүгүнкү күндө жүзүнчү жаранга ипотекалык насыя берилген. 

Турак үйдү сатып алуунун шарттары, эсептешүү мөөнөтү, үстөк пайызы жана максималдуу аянты туурасында Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0