Кыргызстан менен Германия: эки мамлекет тууралуу кызыктуу 15 факты

© REUTERS / Christian HartmannГермания футбол күйөрмандары. Архив
Германия футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Немистер Кыргызстанда өстүрүлгөн жемиш-мөмөлөрдү сатып аларын, ал эми Кыргызстанга алып келинген ар бир 14чү автоунаа Германиядан чыкканын билчү белеңиз?

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Башында Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкекке келе турган Германиянын канцлерин кантип тосуп алышарын, ал кандай тамак ичип, кайсыл жерде жашай турганын билип көрүүгө кызыккан. Бирок Тышкы иштер министрлиги коопсуздук чараларын эске алып, эч кандай маалымат бербей турганын айтты.

Андыктан өзүбүз дагы капа болбой, башкаларды дагы капа кылбай Кыргызстан менен Германия жөнүндө 15 кызыктуу фактыны карап чыктык.

  1. Кыргызстанда 8 453 немис болсо, Германияда расмий эмес маалыматтар боюнча 1,5 миңдин айланасындагы кыргызстандыктар жашайт.
  2. Германиянын аймагына эки Кыргызстанды батырса болот.
  3. Чет элдик товарларды сатып алууга корогон ар бир 25-долларды кыргызстандыктар Германияга жөнөтөт.
  4. Кыргызстанда жүргөн чакан автобустардын дээрлик бардыгы Германияда жасалган деп толук ишене берсеңиз болот.
  5. Doing Bussiness рейтингине ылайык, Кыргызстанга караганда Германияда ишкер болуу бир топ жеңил. 2016-жылыаталган рейтингде немистер 15-орунду ээлесе, Кыргызстан 67-орунга илинген.
  6. Кыргызстанга алып келинген ар бир 14-машина Германияда жасалган. Бул жактан жылына 200гө жакын автоунаа кирет.
  7. Немистер Кыргызстанда өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди кубаныч менен сатып алат.
  8. Кыргызстандыктар немистердин машинасын гана айдабастан алардын дарысын, техникасын, дөңгөлөктөрүн жана ресторанга керектелчү жабдууларын дагы колдонот.
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев. Архвиное фото - Sputnik Кыргызстан
Ангела Меркель муфтий менен да жолукмай болду
Германияда Кыргызстанга караганда 13 эсе көп киши жашайт.
  • Немистер кыргызстандыктарга салыштырмалуу орточо эсеп менен 11 жылга көп жашайт
  • Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Германияда өз өмүрүнө кол салгандардын саны бирдей, 100 миң учурга 9,2 учур туура келет.
  • Немистер кыргыздарга караганда үч эсе көп ичет. Бир жылда чоң кишиге 12 литр туура келет.
  • Орто эсеп менен бир немис кыргызга караганда бир айда жети тамекиге көп чегет, башкача айтканда 91 даана тамеки туура келет.
  • Германияда ар бир экинчи кишинин машинасы бар болсо, Кыргызстанда ар бир бешинчи кишиге бирден унаа туура келет.
  • Кыргызстанда төрөлгөндөр Германияга караганда үч эсе көп. Бир жылда миң кишиге 23 жаңы төрөлгөн ымыркай туура келет.
  •  

    Жаңылыктар түрмөгү
    0