11:36 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
89 0 0

Учурда дагы эки миңге жакын кол чогултулуп жатат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстанда педофилдерди өлүм жазасына тартууну боюнча 11 миңден ашык кишинин топтолгон колун парламенттеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаттарына балдарды коргоо боюнча "Күчтүү үй-бүлө — Күчтүү мамлекет" деп аталган комитеттин төрагасы Жеңиш Молдокматов тапшырды. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресстин" катчылыгынан билдиришти.

"Жарандык коомдун мындай демилгесин фракция депутаттары жалпысынан колдоого алды. Алардын арасында өлүм жазасы эмес, химиялык жол менен бычууну да кароо керек деген пикирлер айтылды", — деп фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Жарандык коомдун мындай демилгеси коомдун колдоосуна ээ болсо референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизилиши мүмкүндүгүн катчылыктан кошумчалашты.

Балдарды коргоо боюнча "Күчтүү үй-бүлө — Күчтүү мамлекет" деп аталган комитетинин төрагасы Молдокматов колду топтоо былтыр май айында башталганын буга чейин билдирген.

Белгилей кетсек, өспүрүмдөргө жыныстык жактан кордук көрсөткөн жарандарды химиялык бычуу коңшу Казакстанда мыйзамдуу түрдө жактырылган.

Тема боюнча

Педофилдер өлүм жазасына тартылсын деген 10 миң киши кол чогултту
Белгилер:
педофил, парламент, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ