"Этно-Ош" тобу күйөрмандарын тапты

Жазылуу
Чыгармачыл топ он кишиден турат. Анын арасында фольклордук чыгармаларды тартуулаган ырчылар, артисттер, жана манасчылар бар.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында шаардык маданият башкармалыгынын "Этно-Ош" фольклордук ансамблинин алгачкы концерти болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине башкармалыктын жетекчиси Топчубай Досбаев билдирди.

Анын айтымында улуттук чыгармаларды аткарган топ түзүү көптөн бери пландаштырылып келе жаткан. Чыгармачыл топ он кишиден туруп, алар элдик ырларды, бийлерди аткарып, манас айтып, улуттук аспаптарда ойношот.

Ансамблдин алгачкы ирет сахнага чыгуусу ийгилик менен коштолду. Концертте 20га чукул элдик ырлар аткарылып, күүлөр чертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0