Бишкекте автомектептин директорунун орун басары пара берип жатып кармалды

Жазылуу
Жетекчи акчаны Кыргызстандын аймагында жок чет элдик жарандарга айдоочулук күбөлүк берген фактысын текшерүү иштерин токтотуу үчүн сунуштаган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкекте автомектептердин биринин жетекчисинин орун басары УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү (ККК) кызматынын текшерүүчүсүнө 2 миң доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМдин Ысык-Көлдөгү базасынын жетекчиси 35 миң сом пара берип жатып кармалды
Маалыматка ылайык, мектептин кызматкери акчаны Кыргызстандын аймагында жок чет элдик жарандарга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берген фактынын текшерүүнү токтотуу үчүн сунуштаган.

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында директордун орун басары ККК кызматкерине 1000 доллар жана 75 миң сом акча берип жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Бул факты боюнча аталган жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0