Sputnik "Шайлоо-2015" атайын долбоорун баштады

Жазылуу
Долбоор алдыда боло турган Жогорку Кеңеш шайлоосуна тиешелүү жаңылыктардан баштап инфографикага чейинки бардык материалдарды камтыйт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана  радиосу өз сайтында "Шайлоо-2015" атайын долбоорун баштады.

Долбоор шайлоо тууралуу бардык маалыматты камтыйт. Жаңылыктар, аналитика, инфографика жана башка кызыктуу материалдарды бир жерден окуганга шарт түзүлөт.

Sputnik Кыргызстан партиялардын шайлоо алдындагы дебаттарын түз алып көрсөтөт
Инфографика жөнөкөй тилде добуш берүү процесси, талапкерлердин тизмеси жана парламенттик шайлоонун кызыктуу жагдайлары тууралуу маалымат берет.

Аналитика шайлоодон кийинки Кыргызстандагы абал тууралуу ой жүгүртүп, келечектеги кадамдарын аныктоого түрткү болот.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага 14 саясий партиянын катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандын 2,8 миллион жашоочусу добуш берүү укугуна ээ.

Sputnik — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги болуп саналат. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүүнү, мобилдүү тиркемелерди жана социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Атайын жазылгандар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай сыяктуу 35 тилде маалыматтарды таратат.

Жаңылыктар түрмөгү
0