БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында СССР Эл артисти, ХХ кылымдагы кыргыз кино өнөрүнүн туу чокусун түзгөн чыгаан кинорежиссерлордун төл башы Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Эскерүү кечесинин алкагында меймандар, Кыргызстандын киноишмерлери жана интеллигенция мүчөлөрү Океевдин мүрзөгө барып куран окушат. Мындан тышкары, ЖОЖдордун тийиштүү факультеттеринде атайы студенттер үчүн мастер-класстар өтөт.
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда Океевдин сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, режиссердун 80 жылдык мааракесине арналган концерт алдында даректүү тасма көрсөтүлөт.
Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Төрт-Күл айылында туулган. Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган. Оболу Кыргызфильм студиясында үн оператор болуп иштеп, 1966-жылы жогорку режиссерлук курсту аяктаган.
2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан каза болгон.
Кыргыз кереметин түптөөчүлөрдүн бири Төлөмүш Океев "Махабат дастаны", "Кожожаш", "Алтын күз", "Улан", "Кызыл алма", "Көк серек", "Уркуя", "Бакайдын жайыты", "Сүйүү закымдары" сыяктуу классикалык үлгүдөгү эмгектерди жаратып кетти.