Анталияда жол кырсыгынан 30 жаштагы кыргызстандык аял каза болду

© AFP / ADEM ALTANТүркиядагы тез жардам автоунаасы. Архив
Түркиядагы тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мас абалында автоунаа айдап келе жаткан түрк жараны, рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Анталиянын Алания аймагында 7-августта болгон жол кырсыгынан 30 жаштагы кыргызстандык аял каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

Казакстанда каза болгон кыргызстандыктардын сөөгү алынып келди
Маалыматка ылайык, окуя 7-августта эртең мененки саат сегизде болгон. Автоунааны айдап келе жаткан түрк жараны аны башкара албай калган.

Полициянын маалыматына ылайык, айдоочу мас болчу жана анын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. 

Айдоочу жана анын ичиндеги дагы бир жаран ооруканага жеткирилген.

Учурда Башкы консулдук каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча иштерди аткарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0