Атамбаев экстремизм менен терроризм үчүн кылмыш жазасын катаалдантты

© AFP / BARAA AL-HALABIДжихадист аял. Архив
Джихадист аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экстремисттик чатактарга жалданган КР жарандары кылмыш жообуна тартылат

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КРдин Кылмыш жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
Терракт уюштурабыз деген топ жана шейит болууга даярданган лидер абакка отургузулду
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Ага ылайык, террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмышка азгыруу же жалдоо үчүн жооко тартуу каралган 226-2 жана 365-беренелеринин жоболору өзгөртүлдү.

226-4-берененин киргизилиши менен, чет мамлекеттердин аймагында куралдуу чыр-чатактарга же аскердик аракеттерге катышкандыгы, ошондой эле террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөндүгү аныкталган КР жараны кылмыш жаза жообуна тартылары каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0