Кыргызстан менен Белоруссиянын мамилеси бекемделет

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко. Архив
Белоруссиянын Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Өмүралиев Белоруссия парламентинин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамды ыкчам колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Кыргызстандын Белоруссиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Белоруссиянын Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы ВладимирАндрейченко менен жолукканын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Өмүралиев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн Белоруссиянын ТИМине тапшырды
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Белоруссиянын ар тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. 

Андрейченко өз сөзүндө Белоруссия Кыргызстан менен ЕАЭБ алкагында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп өттү.

Элчи Өмүралиев Белоруссия парламентинин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамды ыкчам колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү учурунда парламенттер аралык диалогду, эл аралык уюм алкагында өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0