Кыргызстанда жүк ташуучу учак жүргүнчүлөрдү ташып, өмүргө кооптуулук жараткан

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАн-2-110 самолету. Архив
Ан-2-110 самолету. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учакты кеме командири Ильяшенконун уруксаты менен Усенов абага алып чыккан, бирок пилоттун учууга укук берген күбөлүгү болгон эмес.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Транспорт прокуратурасы тарабынан учууга уруксат берилбеген жүк ташуучу АН-2 учагы жүргүнчүлөрдү ташыган фактыны аныкталганын Башкы прокуратура билдирет.

Аэропорттун кызматкерлери учак алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аба менен жүк ташуу боюнча Борбор Азиядагы алгачкы форум өтөт
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-июлунда "G.R.A." компаниясына тиешелүү АН-2 учагы КРдин Аба кодексин бузуп, жүргүнчүлөр менен абага көтөрүлгөн. Аталган учак жеңил самолет түрүнө киргендиктен, эреже боюнча, өлкөнүн аба кемелеринин мамлекеттик реестринде катталышы керек. Бирок агенттик тарабынан бул учакка жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия берилген эмес.

Мындан тышкары, АН-2 учагына бензиндин Б-95/115 түрү пайдаланышы керек. АИ-95 майын колдонууга өзгөчө учурларда жүк ташуу жана авиахимиялык иштер үчүн гана уруксат берилет. 

Мекеме учакты кеме командири Ильяшенконун уруксаты менен Усенов абага алып чыкканын, мында пилоттун учууга укук берген күбөлүгү болбогонун аныктап, бул мыйзам бузуу учак ичиндеги жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө кооптуулук жаратканын билдирди.

Аталган факт боюнча Транспорт прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 353-беренесинин (Өзүм билемдик) негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0